Ийгиликтүү 10 багыт: Казакстан Элдер Ассамблеясы

Ийгиликтүү 10 багыт: Казакстан Элдер Ассамблеясы

«Руханий жаңыруу» баалуулуктары башкы руханий багыт бойдон калууда. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев атап көрсөткөн он маанилүү багытында ушул жагдай өзгөчө белгиленген. Бул ийгиликтүү ишке Казакстан Элдер Ассамблеясынын салымы абдан чоң. Өлкөдө жашаган 130дан ашык улуттун башын бириктирип отурган институттун илимий-адистик кеңеши бул иретте бир катар иш-чараларды колго алган. Адистер өзгөчө өлкөнүн бардык улуттагы өкүлдөрү үчүн жалпы баалуулуктарды пропагандалоого көңүл буруу зарыл экенин баса белгилешүүдө.

АЙГҮЛ САДУАКАСОВА, КАЗАКСТАН ЭЛДЕР АССАМБЛЕЯСЫНЫН СЕРЕПЧИЛИК КЕҢЕШИНИН ТӨРАЙЫМЫ:

- Биздин изилдөөлөрүбүз биздин көп улуттуу мамлекетибизде улуттардын башын бириктирип турган баалуулуктарга багытталган. Казакстандыктар жалпылап алганда түрдүү этностор, ар түрдүү тилде сүйлөйт, ар түрдүү салттарды даңкташат. Бирок биз мындай баалуулуктардын бир дүйнөсү бар экенин көрүп турабыз. Ал ден соолукту, болгон билим менен илимди баалоо: мына ушулар эң башкы баалуулуктар болуп саналат. Бул баалуулуктардын айланасында казакстандыктардын күндөлүк турмушу чагылдырылган.

ШЕРЗОД ПУЛАТОВ, КАЗАКСТАН ЭЛДЕР АССАМБЛЕЯСЫНЫН ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ, ӨЗБЕК ЭТНО МАДАНИЙ БОРБОРУНУН ТӨРАГАСЫ:

- Эң башкы байлыгыбыз - биздин биримдигибиз. Ушул биримдикти сактоо үчүн биз ар дайым салымыбызды кошуп, аны түшүнүп жана карманып келе жатабыз. Ошол биримдигибизди сактоо үчүн биз алдыда бирге болушубуз керек. Казакстан биздин жалпы мекенибиз, мында биздин тең укуктарыбыз бар. Ар бир жаран ушундай учурларда патриоттуулук сапаттарын жакшы көрсөтүүсү керек.

ХАЛИЛ МАСЛОВ, ЕУУ КЭА КАФЕДРАСЫНЫН КЫЗМАТКЕРИ:

- Казакстан аймагындагы университеттерде ачылган Казакстан Элдер Ассамблеясынын кафедралары «Мәңгілік ел» баалуулуктары деген сабакты киргизип, студенттерди окутуп жатабыз. Ошону менен катар, студенттер илимий жумуштарын ушул теманын тегерегинде алышууда.

Фото: almaty-akshamy.kz