Казань шаарында Улуу талаанын тарыхы менен маданияты тааныштырылды

Казань шаарында Улуу талаанын тарыхы менен маданияты тааныштырылды

Татарстандын башкы шаарында Казак элинин тарыхы тааныштырылды. Өлкөнүн борбору – Казань шаарында Казакстандын Улуттук музейинин коллекциясынан «Улуу талаа: тарых жана маданият» аттуу көргөзмөсү өз жумушун баштады. Экспозиция «Алтын адамдын дүйнө музейлерине сапары» аттуу долбоордун бир бөлүгү катары саналат. Көргөзмөгө казакстандык Тутанхамон менен бирге таш доорунан 20-кылымга чейинки доорду камтыган экспонаттар көрүүчүлөргө сунушталды.

АЛМАЗ НУРАЗХАН, КР УЛУТТУК МУЗЕЙИНИН МҮДҮРҮНҮН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУ:

- Көргөзмөнүн форматы бир аз өзгөрдү. Бул жараян биздин Өлкөбашчыбыздын «Улуу талаанын жети кыры» аттуу макаласы чыккандан кийин болду. Алтын адам коюлган борбордук бөлүккө биз башка да экспонаттарды коштук.

Аталган көргөзмө жалпы дүйнөлүк маданий баалуулуктар негизинде ишке ашырылууда. Ал байыркы казактардын энеолитдоорунан баштап, этнографикалык азыркы заманга чейинки адамзат цивилизациясына кошкон үлүшүн чагылдырат. Эки жүздөн ашуун артефакттар миң жылдык транс маданий коммуникациялардын жыйынтыгында пайда болгон Улуу талаанын цивилизациясын көрсөтөт.

ЗИЛЯ ВАЛЕЕВА, “КАЗАНЬ КРЕМЛИ” УЛУТТУККОРУК-МУЗЕЙИНИН МҮДҮРҮ:

- Дүйнөлүк тарыхты эбегейсиз чоң түрк дүйнөсүнүн тарыхыжок элестетүү мүмкүн эмес. Ал эми түрк дүйнөсүн казак жана татарларсыз элестетүүгө болбойт. Ошондуктан бизде орток ыйык жайлар, орток изилдөө комплекстери барэкенин белгилей кетким келет. Бул – тилдик жалпылык, диндик бирдейлик, бирдиктүү мода маданияты.

Улуу талаа көргөзмөсүнүн ачылышынын алкагында Казань кремлинин Манежинде казакстандык окумуштуулардын дарстары уюштурулду. Археолог, тарых илимдеринин доктору Зейнолла Самашев жана “Архив 2025” аттуу илимий-усулдук борбордун жетекчиси Берик Абдыгали уулу маанилүү тарыхый маалыматтар менен бөлүштү. Жаңы археологиялык сенсациялар, касиеттүү объекттерди изилдөө Казакстан аймагында жана андан сырткы аймактарда илимий коомчулуктун жогорку кызыгуусун ойготту.

ИРАДА АЮПОВА, ТАТАРСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАДАНИЯТ МИНИСТРИ:

- Бул көргөзмө өткөнгө көз чаптырбастан келечекке кадамташтай албастыгыбыз жөнүндө. Аталган иш-чара биз ким болбойлу, кайсыл жерде жүрбөйлү ар дайым келечек муун өсүп чыккан тамырларды унутпашыбыз керектигинен кабар берет. Ошондой эле бул көргөзмө биздин азыркы коом канчалык санариптүү болбосун, кандайгана заманбап технологиялар жаралбасын, байыркы артефакттарды сактап, аларды кийинки муунга өткөрүп берүү биздин башкы милдеттерибиздин бири экенин чагылдырат.

Белгилей кетсек, масштабдуу долбоор “Руханий жаңыруу” программасынын алкагында ишке ашырылууда. Буга чейин Польша, Түштүк Корея, Кытай, Азербайжан, Беларусь жана Орусия мамлекеттеринин элдери тарыхый экспонаттар менен таанышышкан. Уникалдуу көргөзмө 1 айга созулат. Андан кийин Алтын адам Өзбекстан борбору Ташкентке сапар алат.

Фото: primeminister.kz