«Руханий жаңыруу» программасына 2 жыл

«Руханий жаңыруу» программасына 2 жыл

Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен колго алынган «Руханий жаңыруу» программасы коомдун тиричилигинин бардык тармактарын камтыйт. Мыкты демилгеге быйыл 2 жыл толуп жатат. Ушул убакытта бир гана маданият тармагында былтыр 500дөн ашуун долбоор ишке ашырылган. «Жаңы гуманитардык билим. Казак тилиндеги 100 жаңы китеп» алардын бири. Бул багытта өлкөдө 2017-жылы казак тилине которулган дүйнөнүн эң мыкты 17 китеби кайра басып чыгарылат. Ал эми алдыдагы бугу айында ушул сыяктуу дагы 30 чактуу китеп өлкөнүн китепканаларына таратылат. Алар 10 миң даана менен басып чыгарылат.

ЕВГЕНИЙ КОЧЕТОВ, «NUR OTAN» ПАРТИЯСЫНЫН СТРАТЕГИЯЛЫК ДЕМИЛГЕЛЕР ИНСТИТУТУНУН МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- Эки жылдын ичинде баш-аягы 48 китеп казак тилине которулду. Алар дүкөндөрдө сатыла бере турган жөнөкөй китептер эмес. Алар теңдеши жок чыгармалар. Каалаган адам мындай мүмкүнчүлүккө жете албайт. Мисалы, Друкердин маркетинг тууралуу китеби бизнесте жүргөн кадыр-барктуу инсандардын столунда турат. Ал эми азыр муну биздин студенттер окуп жүрүшөт.

«Руханий жаңыруу» программасы ар түрдүү багыттарды камтыды. Казакстандын бардык аймактарында тарыхый эстеликтер жаңыртылып, жаңы объекттер ачылды. Археологиядагы сенсация аталган «Алтын адам» дүйнө кыдырууда. Улуттук музейдин көргөзмөлөрү дүйнөнүн алты өлкөсүндө өттү жана дагы да уланат. 

ГАУХАР ТАСБЕРГЕНОВА, «РУХАНИЙ ЖАҢЫРУУ» БОРБОРДУК ДОЛБООРЛУК КЕҢСЕСИНИН БАШКЫ МЕНЕДЖЕРИ:

- Азыр казакстандык бренд деген түшүнүк калыптанды. Өткөн жылы «Астана Опера» театры Италияда «Абай» спектакли менен өнөр көрсөттү. Сахна оюнуна дүйнөнүн эң таанымал режиссёрлору тартылды.

Өзүнүн тарыхы, маданияты менен сыймыктанып, баалай билген элдин келечеги кең. Муну Биринчи Президент өзүнүн «Улуу талаанын жети кыры» макаласында бөтөнчө белгилеп өткөн. Ал «Руханий жаңыруу» программасынын уландысы болду. Макалада камтылган демилгелер бабалар мурасын сактап, жаңы технологиялардын жардамы менен аны жаңылоого да жол ачат.   

Фото: egemen.kz