Нейрохирург Чыңгыз Шашкин уникалдуу операцияларды өткөрөт

Нейрохирург Чыңгыз Шашкин уникалдуу операцияларды өткөрөт

Казакстандагы «100 жаңы ысым» долбоорунун жеңүүчүсү уникалдуу операцияларды жасайт. Нейрохирург Чыңгыз Шашкин шал оорусуна чалдыккан балдарды дарылайт. Ушундай шарттарда, бут булчуң эттеринин карышмаларын басып, ал балага өз алдынча басууга мүмкүнчүлүк берет. Акыркы жылдары ата мекендик неврологдор менен нейрохирургдар жакшы натыйжаларга жетип келишет, дейт тажрыйбалуу адис. Буга чейин бир нече операция ийгиликтүү өткөрүлгөн.

ЧЫҢГЫЗ ШАШКИН, ДОЛБООРДУН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ:

- Биз түйүлүүнү да дарылайбыз. Жакында гана Алматыда шал ооруларына чалдыккан баланын жүлүнүнө биринчи жолу абдан татаал операция жасадык. Ушундай нейрохирургиялык операция аркылуу бейтаптарды оңолтуу жана жакшыртуу мүмкүнчүлүгү өсөт деген ишеничибиз жогору.

Чыңгыз Шашкин 15 жылдан ашуун убакыттан бери тирек-кыймыл системасынын изилдөөсү менен алектенип жүрөт. Аны менен катар, Паркинсон оорусуна чалдыккандар да дарыгердин жардамына таянышат. Бул оорунун белгилерин өз убагында аныктаган шартта аны жеңүүгө болот, дейт дарыгер. Бул дартты көнүгүүлөрдү жасоо, дары-дармектерди кабыл алуу, керек болгон учурда операция жасоо аркылуу туура дарыласа андан арылууга болот.

ЧЫҢГЫЗ ШАШКИН, ДОЛБООРДУН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ:

- Аны менен катар, функционалдык диагностика эпилепсияны хирургиялык жол менен дарылоодо да алдыга жылып келет. Бул Казакстанда өнүктүрүүнү талап кылган багыттардын бири. Ал өнүгөт жана адистердин жеткиликтүү болуусун, орнотмолордун жергиликтүү болуусунун аркасында өнүгүп келе жатат. Бул багытта диагностикалоо жабдыктарынын өнүгүүсү маанилүү. Ушунун бардыгы өнүгүп келе жатат.

Дарыгер медицинадагы өз ийгиликтери менен КМШ өлкөлөрүндөгү өнөктөштөрү менен бөлүшөт. Ошондой эле, Чыңгыз Шашкин нейрохирургия, неврологиядан бир нече конгресстер менен конференцияларды уюштурган. Мындан сырткары, дарстарды окуу менен семинарларга жигердүү түрдө катышат. «100 жаңы ысым» долбоорунун катышуучусунун айтымында, дарыгерлер менен өткөрүлгөн ушундай жолугушуулар татаал ооруларды дарылоонун жаңы ыкмаларын табууга таасирин тийгизет.

Фото: 24.kz