«100 жаңы ысым» долбоору: Болат Султанкулов

«100 жаңы  ысым» долбоору: Болат Султанкулов

Чет өлкөлүк эки абройлуу Ноттингем жана Питтсбург университеттеринин бүтүрүүчүсү Болат Султанкулов тери клеткаларын өстүрүү менен алектенет. Бул Казакстандагы косметология тармагындагы жаңы ийгиликтеринин бири. Бүгүнкү күнү генетик окумуштуусунун Алматы жана Нур-Султанда эки заманбап лабораториясы бар. Болат лабораторияга кирер замат атайын медициналык кийимдерин кийип, тыкыр дезинфекция жасайт. Себеби бул жер болушунча таза болуусу керек. Тери клеткаларын өстүрүү жараяны оңой эмес. Башында клеткалар муздаткычта сакталып, өз алдынча көбөйөт. Ар клетка болжол менен 2 ай өмүр сүрөт.

БОЛАТ СУЛТАНКУЛОВ, ГЕНЕТИК:

- Бул клеткаларды өстүргөндөн кийин, биз косметолог дарыгерлерге өткөрөбүз. Алар аны адамдын терисине киргизет. 12-18 айдан кийин дарыланып жаткандын териси жакшыра түшөт.

Жаңы клеткалар бет терисин жакшыртып гана койбостон, тырыктарды кетирүүгө да таасир берет. Бирок өлкөдө бул тармакта эмгек кылган окумуштуулар саны аз. «100 жаңы ысым» долбоордун экинчи кезеңинин жеңүүчүсү Болат Султанкуловдун айтымында, 2013-жылы алардын саны мындан да аз болгон. 3 жыл мурун ага биринчи өз борборун ачуу тууралуу ой келип, анын негизинде ата мекендик косметологиянын жаңы багытын ишке кошууга ниет билдирген.

БОЛАТ СУЛТАНКУЛОВ, ГЕНЕТИК:

- Мен биринчи кезекте өз лабораториямды ачууну кыялданып келдим. Өлкөбүздө ушул тармакты өнүктүрүүгө болорун өз-өзүмө далилдегим келди. Албетте бул оңой эмес, бирок колдон келе турган иш.

Бүгүнкү күндө Болат Султанкулов кесиптештери менен бирге бир катар долбоордун үстүндө иштеп жатышат. Анын бири полимер өндүрүү. Аны адамдын бет терисине киргизсе, терини ошол калыбында сактап калууга болот. Окумуштуу муну менен чектелбей, чачтын түшүүсүн токтотуу багытында да изилдөө иштерин колго алган.

Фото: sib-science.info