Нурлуу жол мамлекеттик программасы 2025-жылга чейин узартылат

Нурлуу жол мамлекеттик программасы 2025-жылга чейин узартылат

Нурлуу жол мамлекеттик программасы 2025-жылга чейин узартылат. Анткени мамлекетке алып келген кирешеси жана өлкөгө тийгизген пайдасы көп: унаа инфраструктурасы жакшырып, республикалык автомобиль жолдору, магистралдык темир жол желелери жана логистикалык инфраструктурасынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү өстү. Өткөн жылы унаа кызматтары – 4,6 пайызга, эмгек өнүмдүүлүгү – 3,4 пайызга өстү. Программаны ишке ашыруу өлкөнүн унаа мүмкүнчүлүгүнө чоң түрткү берди. Өткөн жылда транзиттен түшкөн киреше 1,5 миллиард долларды түзгөн. «Нурлуу жол» программасынын алкагында жол салуу иштери уланат.

РОМАН СКЛЯР, КР ИНДУСТРИЯ ЖАНА ИНФРАСТРУКТУРАЛЫК ӨНҮГҮҮ МИНИСТРИ:

- Карагандыдан Алматыга чейин жана Актөбөдөн Орусия Федерациясынын чек арасына чейин курулуш иштери башталды. Жыл аягында кайра жаңыртылган 654 чакырым авто жол кыймылын ачуу мерчемделүүдө. Республикалык мааниси бар 1,6 миң чакырым автожол оңдолду.

Жалпы 2018-жылы «Нурлуу жол» программасын ишке ашырууга республикалык бюджеттен 437,2 миллиард теңге бөлүнгөн. Ал эми 2019-жылга 520 миллиард каралды. Жалган куран айынын бириндеги кырдаал боюнча анын 17,2 миллиарды системалуу жумшалган.

РОМАН СКЛЯР, КР ИНДУСТРИЯ ЖАНА ИНФРАСТРУКТУРАЛЫК ӨНҮГҮҮ МИНИСТРИ:

- Мамлекет башчысынын Нур Отан партиясынын съездинде берген тапшырмасын аткаруу алкагында каржылоо жыл сайын 200 миллиард теңгеге өсөт. Ушундай жигердүүлүк кийинки жылдары да сакталат. Бул 2025-жылга чейин болжол менен 35 миң чакырым жолду оңдоого жана 95 пайыз жергиликтүү мааниси бар авто жолдордун кырдаалын жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет.

Мерчем – жыл сайын 5 миң чакырым жолду колдонууга берүү. Аны менен катар, логистиканын жакшыруусу менен ишкердин жол чыгашалары азаят. Жалпы быйыл өлкөдө республикалык мааниге ээ 4,4 чакырым жол жаңыдан салынат.

Фото: inform.kz