«Бакубат коом: он жылдыктын он максаты»: Серепчилердин пикири

«Бакубат коом: он жылдыктын он максаты»: Серепчилердин пикири

«Нур Отан» партиясынын жаңы программасы жарандардын кызыкчылыктарын коргоого багытталган. Ал Мамлекет башчысынын тапшырмасындагы ар тараптан жаңыртуу жараянын камсыз кылат, дешет серепчилер. Ошондой эле бизнес, мамлекеттик башкаруу, ден соолук, билим берүү тармактарды өнүктүрөт. Айрыкча жаштарды колдоого өзгөчө көңүл бөлүнөт.

СЕРИК БЕЙСЕМБАЕВ, КР ПРЕЗИДЕНТИНИН ФОНДУНУН АЛДЫНДАГЫ ДЭСИ СЕРЕПЧИСИ:

- Бир нече жыл ичинде мамлекет тарабынан жаштарга кошумча колдоо көрсөтүлөт. Жаштарды айыл-аймактарга тартууга көңүл бөлүнөт. Бул үчүн жаштардын ресурстук борборлору иш алып барат. Өлкөдө алардын саны 200гө жакын. Ошондой эле атайын курстар, тренингдер жана жаштарга арналган семинарлар өткөрүлөт.

Партия программасынын басымдуу багыттарынын катарына жогорку билимди жеткиликтүү кылуу болуп жатат. Жаштардын дүйнөлүк атаандаштыкка ылайык сапаттуу билим алуусуна бардык мүмкүнчүлүктөрдү түзүү керек. Ал эми бул үчүн мыкты адистерди тартуу маанилүү, дешет серепчилер. Алар ишкерлердин жаңы инновациялык муунун калыптандырат.

КАМИЛА КОВЯЗИНА, КР ПРЕЗИДЕНТИНИН ФОНДУНУН АЛДЫНДАГЫ ДЭСИ СЕРЕПЧИСИ:

- Билим сапаты эң алгач окуучулардын билимине байланыштуу. Бул багытта айрыкча үч тилдүүлүктү белгилеп өткүм келет. Статистика боюнча биздин өлкөбүздүн жашоочуларынын 53 пайызы жогорку билим менен камсыз болгон. Башка өлкөлөр менен салыштырганда жакшы натыйжа деп айтууга болот. Алдыдагы милдет – ушул билимди жумуш берүүчүлөрдүн, рыноктун талабына ылайык кылуу. Ушул багытта кызуу жумуш жүргүзүлөт деп ойлойм.

Фото: iwep.kz