«Казакстандын 100 жаңы ысымы»: ЮНЕСКОнун тынчтык куруу артисти Батыржан Смаков

«Казакстандын 100 жаңы ысымы»: ЮНЕСКОнун тынчтык куруу артисти Батыржан Смаков

ЮНЕСКОнун тынчтык куруу артисти. Казакстандык Батыржан Смаковдун Сирия балдарына жардам көрсөтүүгө арналган кайрымдуулук концерттер сериясы ушундай атакка ээ болгон. Ал -  «Казакстандын 100 жаңы ысымы» долбоорунун жеңүүчүсү, өлкөдөгү жалгыз контртенор, казактын хор музыкасынын антологиясын түзүүчү, белгилүү дирижёр. Дүйнөнүн алдыңкы театрлары казакстандык өнөрпозду өз сахнасында өнөр көрсөтүүгө чакырып жатышат. Италия, Грузия, Франция, Египет, Иордания, Орусия, Польша өлкөлөрүнүн өнөр сүйгөн коому Батыржан Смаковду сүйүп угушат. Быйыл жазда ал Европанын бир нече өлкөсүн кыдырып концерт берет.

БАТЫРЖАН СМАКОВ, ДОЛБООРДУН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ:

- Кечке саат 11-12де уктап, 7 жарым – 8 турам. Бул үн байланыштарым толук эс алуусу жана вокалдык деңгээлимди калыбында кармап туруу үчүн зарыл.

Жаш дирижёр Италиянын Джоакино Россини консерваториясын бүтүргөн. Апенниниде 6 жыл жашап, Эл аралык опера академиясында билим алган. Азыр Казак улуттук өнөр академиясында сабак берет. Батыржан Смаковдун айтымында, ийгиликке жетүү үчүн таланттан башка тынымсыз эмгек, тажрыйбаны туруктуу түрдө жакшыртып, жаңы билим алууга умтулуу керек.

БАТЫРЖАН СМАКОВ, ДОЛБООРДУН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ:

- Албетте ийгилик оңойлук менен келген жок. Дароо бир нече милдеттерди чечүү керек болду. Кесипкөй жактан да, башка жагынан да. Ал кезде мен кантаталарга, ораторияларга дирижёрдук кылдым. Бирок андан утулган жокмун, көп тажрыйба топтодум.

Жакында борбор жашоочулары жана коноктору Казакстандагы жалгыз контртенордун өнөрүнө күбө болушат. Чын куран айынын жыйырма биринде «Астана Опера» театрында «Венециялык регата» концерти өтөт.

Фото: inform.kz