Үч тилдүүлүк – жаңы замандын талабы

Үч тилдүүлүк – жаңы замандын талабы

Билим тармагындагы реформаларды максатына жеткирип, үч тилдүүлүктү калыпка салуу «Нур Отан» партиясынын 2030-жылга чейинки он басымдуулук милдеттеринин бири. Бул үчүн педагогдорду даярдап алуу керек деген Өлкө башчысынын сунушу  кызылордолук мугалимдерге абдан жагып жатат. Мугалимдерге арналган бир нече методикалык комплекстердин автору Мейвис Куок бүгүнкү күндө Назарбаев интеллектуалдык мектебинин атайын чакыртуусу менен кызылордолук окуучу, окутуучуларга англис тилин үйрөтүп жатат. Канадалык адис атаандаштыкка жөндөмдүү муун тарбиялоодо ыңгайлуу методика жана кошумча интеллектуалдык мүмкүнчүлүк керектигин айтты.

МЕЙВИС КУОК, КАНАДАЛЫК МУГАЛИМ:

- 3 айда сиз күнүмдүк ооз-эки англис тилинде сүйлөп кетишиңиз мүмкүн. Ал эми сабак бере турган деңгээлге жетүү оор. Жеке сабактар терминологиясын калыптандыруу керек. Казакстан жаңы окуу ыкмаларын киргизип жатат. Негизи дүйнөлүк тажрыйбада тилдик билим реформалары 40 жылда натыйжасын берет. Бирок азыр Казакстанда кызыкчылыгы жогору мугалимдердин чөйрөсү калыптанып келе жатат. Ошондуктан жаңы программалардын жемишин эртерээк көрүүгө болот.

Элеонора Сагат кызы биология сабагы боюнча жогору класстын окуучуларына англис тилинде сабак берип жатат. «Устаз-LINE» 6 айлык курсунан өткөн мугалим «В1, В2, С1» сертификатын алган. Талаптарга жооп берүү үчүн тынымсыз изденүү менен билимин жогорулатуу ар дайым керек, - дейт жаңычыл педагог.

ЭЛЕОНОРА ТҮКИБАЕВА, БИОЛОГИЯ САБАГЫНЫН МУГАЛИМИ:

- Биринчи күндөрү оор болду. Бир нече жылдардан бери англис тилиндеги китептердин беттерин ачпагандыктан көп нерсе эстен чыгып кетиптир. Күн сайын даярданыш керек. Тренер, менторлор айткандай китеп окуп, тасма көрүп, аудио угуп машыгуу зарыл. Акырындык менен натыйжа берет.

Үч тилдүүлүк – бул биринчи кезекте замандын талабы, дешет адистер. Азыркы ааламдашуу доорунда бир гана тил менен чектелүү чоң ката. Себеби, сен өз маданиятыңды, тарыхыңды жана ийгилигиңди бүткүл дүйнөгө таанытышың керек.

Фото: strategy2050.kz