«Бакубат коом: Он жылдыктын он максаты» демилгисине серепчилердин пикири

«Бакубат коом: Он жылдыктын он максаты» демилгисине серепчилердин пикири

Казакстандын өнүгүшүндөгү жаңы мезгил «Нур Отан» партиясынын съездинде бекитилген программа менен ачылды. Бул пикирди саясий жана илимий ишмерлер, ишкерлер жана интеллектуалдык коом өкүлдөрү белгилешүүдө. «Бакубат коом: Он жылдыктын он максаты» жаңы программасы 2030-жылга чейин мерчемделген. Бул мезгил Казакстанды дүйнөнүн 30 өнүккөн өлкөсүнүн катарына кошууда чечүүчү болушу мүмкүн, дешет серепчилер.

ДАРИЯ КОЖАМЖАРОВА, М. АУЕЗОВ АТЫНДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН РЕКТОРУ, ТАРЫХ ИЛИМДЕРИНИН ДОКТОРУ:

- Съездде Өлкө башчысы казакстандыктардын жашоо шартын жакшыртууга багытталган негизги милдеттерди жана мерчемдерди баяндады. Алардын бардыгы 10 багытка бөлүнөт. Программадагы эң орчундуу маселелердин бири - билим берүү тармагы. Президент 21-кылымда билим жана илимди өнүктүрбөгөн мамлекет дүйнөлүк көчтөн артта каларын белгиледи. Өлкөдө аталган багыттарды өнүктүрүүгө бардык шарттар жана мүмкүнчүлүктөр бар. Ушул тармакта жаңы демилегелер менен жаңы аракеттер да арбын. Алардын бардыгын өлкө жана жалпы казакстандыктар үчүн өрчүтүү керектигин Өлкө башчысы өз сөзүндө белгилеп өттү.

Казакстандын жаш урпагынын ар тараптуу өнүгүшүнө да көп мүмкүнчүлүктөр ачылат. Мамлекет башчысы өлкөнүн келечеги жаштардын колунда деген пикирди алдыга коюп келет. Илим менен маданиятка, ошондой эле, бизнес менен спортко мамлекеттик колдоо берилүүдө.

ДИНМУХАМЕД КҮЗИЕВ, ТЕМИР-БЕТОН ӨНҮМДӨРҮН ЧЫГАРУУ ЗАВОДУНУН БАШЧЫСЫ, ЖАШ ИШКЕР:

- Ушул жылы жаңы долбоорлорду ойлоп, ишке ашыруучу жаш ишкерлерди колдоо багытталып жатат. Ошондуктан аталган жыл жаш урпактын өз мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүсүнө чоң жардам, түрткү болот деп ойлойм. Бүгүнкү күнү Өлкө башчысы Нурсултан Назарбаевдин ички жана сырткы саясатта карманган багытынын аркасында биздин өлкөбүздө тынчтык, туруктуулук, этнос аралык келишим, элдер достугу жана өз ара түшүнүк орногон. Менин оюмча бул чоң жетишкендик.

Фото:24.kz