«Казакстандын 100 жаңы ысымы»: Асан Жолдасов

«Казакстандын 100 жаңы ысымы»: Асан Жолдасов

Казакстандын “100 жаңы ысымы” долбооруна кирген 29 жаштагы таланттуу математик Асан Жолдасов – кошумча билим берүү мектебин негиздеген жаш адис. Бул билим борбору математика сабагы боюнча эл аралык олимпиадаларда байгелүү кайткан миңдеген жеңүүчүлөрдү даярдап келет. Ошентсе да, ал жеңиш менен жеңилүү көп болду дейт. Жаутиков атындагы республикалык физика-математика мектебине биринчи сынактан өтө албай, кийин олимпиаданын жеңүүчүсү болуп окууга кабыл алынган. Кийин ал бир нече эл аралык олимпиадалар менен жарыштардын алтын, күмүш байгелеринин ээси болгон.

АСАН ЖОЛДАСОВ, КОШУМЧА БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКТЕБИНИН НЕГИЗДӨӨЧҮСҮ:

- Бул мектепти 19 жашымда ачкам. Ал учурда мен абдан максималист элем. Дал ушул максималисттик мүнөзүмдүн аркасында пайда болгон тоскоолдуктарды жана кыйынчылыктарды жеңе билдим. Ошондуктан жаштарга өз тажрыйбам менен бөлүшүп, аларды өз максаттарына жетүүсүнө үйрөткүм келет. Өз билимим менен Казакстанга пайда алып келсем дейм.

Асан Жолдасов – Ай-Ти тармагынын адиси. Бирок, ал мугалим болууну тандаган. Жаш математиктин эсеби боюнча, ал бир саатта баланын өмүргө болгон көз карашын өзгөртүп, жеңишке жетүүсүнө таасир бере алат.

ГҮЛЖАЙНА МАДИБЕКОВА, КОШУМЧА БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКТЕБИНИН АЛМАТЫ ШААРЫ БОЮНЧА АТКАРУУЧУ МҮДҮРҮ:

- Асан Кенжегазы уулу – эң биринчи кезекте абдан эмгекчил инсан. Анын бир сонун касиети бар. Эгерде ал окуучунун же кызматкердин мүмкүнчүлүктөрүн байкаса жардам берүүгө шашат. Ар дайым шыкттандырат. Ал таланттуу балдардын мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу үчүн бардык шарттарды түзүүгө аракет кылат.

Асан Жолдасовдун алдыдагы максаты – өлкөдөгү математика илимин дүйнөлүк деңгээлге чыгарууга өз салымын кошуу. Жаш математик 2019-жылдын «Казакстандын 100 жаңы ысымы» долбоорунун бардык жеңүүчүлөрү менен жеке таанышууга жетишкен. Анын ою боюнча, ушундай таланттуу жаштар өлкөнүн жаркын келечегин калыптандырып, жаш урпакка үлгү боло алат.

Фото: arasha.kz