«Казакстандын 100 жаңы ысымы»: Иван Крепак

«Казакстандын 100 жаңы ысымы»: Иван Крепак

«Казакстандын 100 жаңы ысымы» долбоорунун экинчи сезонунда 29 казакстандык жеңүүчү аталды. Бул жолу жигердүү жаштарга басымдуулук берилди. Мыктынын мыктысы болгондордун бири - Иван Крепак 3 жашынан баштап техника менен алектенет. Ал эми, жети жашында өлкөдөгү коммерциялык банк өнүмүнүн жарнамалык дизайнын жасап берип, алгачкы эмгек акысын алган. Ивандын бардык иштелмелери адамдардын өмүр сүрүү сапатын жакшыртууга багытталган. Смартфондун жардамы менен шкафтарды ачууга мүмкүнчүлүк берген Smart Lock «bLock» долбоору алардын катарында. Ал Силикон өрөөнүндө «Мыкты бизнес-идея» сыйлыгын алган.

ИВАН КРЕПАК, «КАЗАКСТАНДЫН 100 ЖАҢЫ ЫСЫМЫ» ДОЛБООРУНУН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ:

- 2017-жылы мен nFactorial инкубаторунда окууга өтүнмө бердим, ал жерде мобилдик тиркемени жасоонун ыкмаларын үйрөндүк. Андан кийин мен өзүм байма-бай туш болгон маселелерди чече ала турган тиркемени ойлоп табуу керек деген чечим кабыл алдым.

Иван – эми жыл бою мобилдик тиркемелерди даярдоо боюнча Technationдин устаты. Ушул багытта анын окуучуларга арналган мобилдик тиркемесин билгилеп өтүүгө болот.

ИВАН КРЕПАК, «КАЗАКСТАНДЫН 100 ЖАҢЫ ЫСЫМЫ» ДОЛБООРУНУН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ:

- Мобилдик тиркеме «Zharys» деп аталат. Казак тилиенен которгондо, оюн, жарыш деген маанини билдирет. Бул тиркемени жүктөө аркылуу окуучулар алдыдагы жарыштардын тизмесин биле алат.

Ивандын эмгекчилдиги жана анын илимге болгон кызыгуусу башкаларга үлгү. Ал белгилүү болунуу эмес, жөнөкөй жарандарга, өзү өмүр сүргөн коомго пайда келтирүүнү ойлойт.

ГҮЛФАРИДА РАИСОВА, НАЗАРБАЕВ ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕКТЕБИНИН МҮДҮРҮ:

- Ал баштаган ишин ар дайым аягына чейин чыгарат. Иван жумуштун башында алдына тапшырма коет. Жумушун аягына чыгаргандан кийин гана долбоорду аягына чыгарганын кабарлайт. Ал жасап чыгарган нерселеринин бардыгы жеке өзү үчүн эмес, классташтары, мектеби жана коому үчүн экенин ар дайым айтып келет.

Ивандын «Voice-Komek» деп аталган мобилдик тиркемеси – анын далили. Ал дудук адамдар менен сүйлөшүүдө пайда болгон тоскоолдуктарды жоюуга арналган. Аталган тиркеме тексттерди үндүк сигналдарга жана үндүк сигналдарды текстерге айландырат. Иван Крепак «Казакстандын 100 жаңы ысымы» долбоорунун жеңүүчүсү болуу чоң сыймык деп эсептейт.

Фото: vkfaces.com