«Улуу талаанын жети кыры»: Серепчилердин пикири

«Улуу талаанын жети кыры»: Серепчилердин пикири

Улуу талаанын көчмөндүү элинин урпагы бай тарыхый мурастары менен сыймыктана алат. Бул британиялык саякатчы Джон Масси Стюарттын пикири. Нурсултан Назарбаевдин «Улуу талаанын жети кыры» аттуу макаласын окуп чыккан чет өлкөлүк, талаа элинин тарыхынан кабар берген китеп жазууну колго алат. Анын ушуга чейин «Томас, Люси жана Алатау: Аткинсондардын Сибирь жана Казак талаасындагы башынан  өткөргөндөрү»  аттуу эмгеги жарык көргөн. Китеп эр жүрөк англис саякатчысы Томас Аткинсон тууралуу баяндалат. XIX кылымда ал жубайы Люси менен бирге ушул аймакты аралап, чөнтөк дептерине табияттын көрүнүштөрүн сүрөттөп, жергиликтүү калктын турмушу менен каада-салты тууралуу алган маалыматын жазып отурган.

ДЖОН МАССИ СТЮАРТ, ЖАЗУУЧУ:

- Казакстан аймагында болгонума көп убакыт өттү. Акыркы жолу бул жерге 1961-жылы келгем. Ошондуктан бул өлкөнү сагынып калыптырмын. Жакында мен казак талаасы менен Сибирдеги үч жаран тууралуу баяндай турган китеп басып чыгардым. Ал кезде убакыт менен аймактын жетишсиздигинен көп нерсе камтылбай калды. Мисалы, менин өлкөмдө цивилизация пайда болбогон кезде ушул жерде байыркы коргондор болгон. Ошондуктан Казакстанды кайра изилдеп жаңы эмгек жазгым келди.

Казак элинин асыл мурасы менен бай тарыхын кеңири жайылтуу керек. Мисалы, бүткүл дүйнөгө жакшы белгилүү Алтын адамдын тарыхын билүү менен бирге байыркы экспонаттар менен дүйнөнүн булуң-бурчу түз таанышуусу керек. Польша өлкөсүнүн депутаты Казимеж Клейна ушундай пикирде. Чет өлкөлүк саясатчы мындай ойду Казакстан Президентинин «Улуу талаанын жети кыры» макаласын окуп чыккандан кийин айткан. Ал жерде казакстандык Тутанхамон деп аталып жүргөн экспонаттын маани-маңызына басым берилгени абдан орундуу дейт. Серепчи Алтын адамдын тааныштырылуусу Европа өлкөлөрүнүн ичинде биринчи жолу Польшада өткөнүнө өзгөчө токтолуп өттү.

КАЗИМЕЖ КЛЕЙНА, ПОЛЬША ПАРЛАМЕНТ СЕНАТЫНЫН ДЕПУТАТЫ:

- Мен өлкөнүн тарыхынын өзгөчө мезгилдеринен кабар берген Президенттин макаласына тыкыр маани берип окуп чыктым. Мени Нурсултан Назарбаевдин Алтын Адамга терең токтолгон жери абдан кызыктырды. Анткени мен ал экспонатты өз көзүм менен көргөм. Ушул дүйнөлүк археологиялык ачылыштын тааныштырылуусу Гданьск шаарында өткөн. Көчмө көргөзмө өзгөчө таасир калтырды. Казакстандын улуттук музейи менен Гданьск музейинин биргелешкен жумушу жогорку суроо-талапка ээ болду. Экспозияны поляктар бир ай бою көрүштү. Алар Казакстанда табылган баалуу экспонатка абдан кызыгышты. Биз тарыхтан байыркы Греция, Египет тууралуу жакшы билебиз. Эми байыркы талаа цивилизация тууралуу көбүрөөк биле турган болдук.