«Улуу талаанын жети кыры макаласы»: Америкалык киночулардын пикири

«Улуу талаанын жети кыры макаласы»: Америкалык киночулардын пикири

Президент Нурсултан Назарбаевдин «Улуу талаанын жети кыры макаласы» америкалык маданият жана өнөр кызматкерлерин биргеликте жумуш алып барууга шыктандырып жатат. Ушинтип, Казакстан тарыхына АКШ кинорежиссёрлору менен кино өндүрүүчүлөрү кызыгуу артууда. Эскерте кетсек, Мамлекет башчысы өз макаласында Казакстандагы цивилизациялык өнүгүүнү даңазалаган тасмаларды тартууну тапшырган. Бул жумуш ата мекендик жана чет өлкөлүк киночулардын катышуусу менен ишке ашырылуусу керек. Президенттин ушул айкалышуусуна америкалык киночу Эдвард Старосельский үн кошту.

ЭДВАРД СТАРОСЕЛЬСКИЙ, АМЕРИКАЛЫК ДАРЕКТҮҮ ТАСМАЛАРДЫ ТАРТУУЧУ:

- Италия, Греция, Египет эли өз тарыхы менен сыймыктанарын билебиз. Ошондуктан президент Нурсултан Назарбаевдин казактардын улуттук тарыхын даңазалоого көңүл буруусу өтө туура чечим. Биз өнөргө байланыштуу даректүү тасмаларды тартуу, графика, заманбап технология менен алектенебиз. Ушул багытта Казакстандын тарыхый бай мурасын жайылтууга өз салымымды кошом деген үмүт бар.

Ошондой эле Өлкө башчысынын макаласын окуган британиялык серепчи Дэвид Уильям Перри эң сонун таасир алган. Акын, драматург, Королдук өнөр коомунун мүчөсү жана Евразиялык чыгармачылык гильдиясынын төрагасы бир нече жолу Казакстанда болгон. Анын оюнда, тарыхы тереңде жаткан Казакстан – башка өлкөлөргө үлгү боло тургандай касиеттүү мекен.

ДЭВИД ПЕРРИ, ДРАМАТУРГ:

- Жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн кейпин жыгачтар менен таштарда тартуу адам менен табияттын ортосундагы чоң байланышты чагылдырат. Бул башкы турмуш эрежеси казак элине илгертен белгилүү. Чындыгында Казакстандын байыркы тургундарынын мыкты маданияты, өз жазуусу жана мифологиясы болгон. Ал тууралуу көп уккан Батыштын сиздерге болгон кызыгуусу өзгөчө. Мен Казакстандын ажайып маданий борбору Алматыны жакшы көрөм. Мени өлкөңөр ар дайым өзүнө тартып турат.

Чет өлкөлүк серепчилер Нурсултан Назарбаевдин «Улуу талаанын жети кыры» аттуу макаласын изилдөөнү улантууда. Алардын бардыгы бул өзгөчө тарыхый маанилүү бирдиктүү документ деген пикирде. Бүгүнкү күндө Казакстан өзүнүн тарыхын жана дүйнөлүк цивилизацияга кошкон үлүшүн алдыга жылдыруусу керек.