Казакстан менен Түштүк Корея архивдеринин кызматташуусу

Казакстан менен Түштүк Корея архивдеринин кызматташуусу

Казакстан менен Корея Республикасы кызматташтыкты тереңдетүүдө. Эки мамлекет тажрыйба алмашууну, анын ичинде «Архив-2025» программасын ишке ашырууну көздөп жатат. Белгилей кетсек, «Улуу талаанын жети кыры» макаласында айтылгандар Казакстан Президентинин архиви менен Корея архивинин ортосунда эки жыл мурда кол коюлган макулдашуунун уландысы болуп калды.

ПАК СОН БЭ, КОРЕЯ УЛУТТУК АРХИВИНИН УЛУК КЫЗМАТКЕРИ:

– Кореяда маанилүү документтерди тасмадан санариптештирүү 1962-жылы, ал эми сканерлоо – 50 жыл мурда башталган. Архивдеги беш миллион документтен 600 миңи санарипке түшүрүлдү. Санариптештирүү жабдуусун он жыл мурда биринчи жолу колдоно баштаганбыз, кийинки жылы жаңы жабдуу алууну пландап жатабыз.

Архивдик документтер менен иштөө ар бир иш күнү жүргүзүлөт. Эгерде санарипке түшүрүлгөн фото-сүрөттө кандайдыр бир кемтик табылса аны фоторедактордун жардамы менен алып салат. Бул залда кагаз документтери сканерленет. Аларга зыян келтирбеш үчүн маска жана кол кап кийишет. Мындан тышкары, болочок муундарга мурас катары электрондук үлгүдөгү лидерлер портрети, чет мамлекет башчыларынын белектери калат. Мисалы, Астанага барган Президент Но Му Хёнго берилген арабаны көрүүгө болот.  

ПЕК ЮН ХИ, КОРЕЯ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН МУЗЕЙИНИН ЭКСКУРСОВОДУ:

– Экранда болжол менен 40 экспонат жөнүндө маалымат бар, алар көргөзмөлөрдө жок, толук маалыматты сайттан билүүгө болот. Бул программа 2016-жылы түзүлгөн. Экспонаттардын оригиналдары архивдин сактоосунда турат. Анда тигил же бул экспонатка ылайыктуу 18 градустан өөдө температурада жана 40-50% нымдуулукта кармалат.   

Эки мамлекеттин болочок муундары үчүн өз убагында Нурсултан Назарбаевдин 1995-жылы Сеулга барган биринчи расмий сапары да баалуу мурас болуп калат. Архивчилер биргелешкен аракет менен гана тарыхый баалуулуктарды алгачкы калыбында сактап калууга болот деп эсептешет. Ал андан ары серепчилерге жана кеңири коомчулукка жеткиликтүү болот.