2018-жылы Казакстанда «Руханий жаңыруу» программага абдан жакшы көңүл бурулду

2018-жылы Казакстанда «Руханий жаңыруу» программага абдан жакшы көңүл бурулду

Аң-сезимди жаңылоо – рухий кайра жаралуунун негизи. 2018-жылы республикада өзгөчө программага абдан жакшы көңүл бурулду. Белгилей кетсек, «Руханий жаңыруу» улуттук коддун кайра жаралуусуна жана ата мекендик маданиятты чет өлкөлөрдө жайылтууга багытталган.

«Руханий жаңыруу» программасынын тапшырмаларынын алкагында бүгүн заманбап Казакстан аймагында табылган байыркы көрүстөндөр мурасын изилдөөгө өзгөчө көңүл бурулууда. Көп сандаган археологиялык объекттер казак маданиятынын байлыгын гана эмес, жогорку өнүккөн көчмөн маданияттын болгонун күбөлөндүрүп турат. Окумуштуулар жылкыны колго үйрөтүү - дүйнөлүк цивилизациянын жалпы өнүгүүсүнө таасир тийгизген деп белгилешет. Ошону менен бирге эволюциянын маанилүү этабы Казакстандын аймагында болуп өткөн. Буга Ботай конушунан табылган артефакттар күбө.

ЗЕЙНОЛЛА САМАШЕВ, ТАРЫХЧЫ-АРХЕОЛОГ:

- Бул эң чоң ачылыш – байыркы Ботай конушу бүт дүйнөгө биздин жердин жана биздин мамлекеттин жогорку тарыхый маданият деңгээлин тастыктап турат. Биз аны менен абдан сыймыктанабыз.

Ботайлыктарда жогорку өнүккөн коом болгон. Алар жылкыны колго үйрөткөн, турак жай курганды билген, тиричилик, курал-жарак буюмдарын жасаган. Алардын жашоосу илим жана башка тармактардын өнүгүшүнө негизделген. Чынында Улуу талаа дүйнөгө өзгөчө атчан маданиятты тартуулаганы Мамлекет башчысынын «Улуу талаанын 7 кыры» макаласында айтылат. Бүгүнкү күндө бул ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесинде көчмөн элдердин мурасы.

САЯСАТ АМАНКУЛОВ, ЧАБАНДЕС:

- Биздин бабалар – ат адамдын канаты деп айтышкан. Мен 6 жашымдан ат спорту менен машыгам. Көп ат чабыштарга катыштым, байгелүү орундарды уттум. Азыркы учурда менин салмагым өзгөрдү, эми көкпар менен машыгып жатам.

Атчан маданиятты кайра жаратуу жана жайылтууда «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» өзгөчө орунду ээлейт. Ушул жылы Кыргызстанда этникалык спорт түрлөрү боюнча эл аралык мелдештер болуп өттү. Алар сексенден ашык мамлекеттен эки жарым миңден ашык катышуучунун башын бириктирди. Анын ичинде Казакстандын катышуучулары дагы ар кыл ат спорт түрлөрү боюнча биринчилик үчүн күч сынашты. 

ЕРЕН ОСПАНОВ, УЛУТТУК СПОРТ ТҮРЛӨРҮ БИРИКМЕСИНИН БИРИНЧИ ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТИ:

- Көкпар, эр эңиш, бута атуу. Атчан эңишүү боюнча бизде Азия чемпиондору бар. Ошондой эле, 80 чакырымдык аралыктагы ат чабышка катышкан балдар бар. Аларды азыр даярдап жатабыз. Балдар жакшы көрсөткүч жаратууда.

Терең тамыры жок улуттун заманбап маданий кодун калыптандыруу мүмкүн эмес. Ошондуктан аларды сактоо бүгүнкү күндө – эң башкы милдет.