2019-жылы Этноспорт боюнча Дүйнө чемпионаты өтөт

2019-жылы Этноспорт боюнча Дүйнө чемпионаты өтөт

Казакстан – саяпкерлик маданиятынын мекени, дешет ушул тармакта жүргөн азаматтар. Жылкы адамзат тарыхында биринчи жолу Улуу талаа аймагында колго үйрөтүлгөнү тууралуу Президенттин макаласында да айтылган. Ата–бабалар аргымактарды баатырлардын канаты катары санаган. Жигиттин шамдагайлыгын, мыктылыгын сынаган салттуу ат оюндары арбын. Бүгүнкү милдет – ошол мурасты сактап, кеңири жайылтуу, дүйнөлүк деңгээлге көтөрүү милдети турат, дешет тармак адистери. Белгилеп айтканда, кийинки жылы чын куран айында өлкөдө эл аралык Этноспорт конфедерациясынын симпозиумун, жамбы атуу жана көк бөрү боюнча Дүйнө чемпионаттарын өткөрүү көздөлгөн. Бул пландар тууралуу саяпкерлер Алматыда өткөн жыйында маалымдашты.

БЕКБОЛАТ ТІЛЕУХАН, МАЖИЛИС ДЕПУТАТЫ, КР УЛУТТУК СПОРТ АССОЦИАЦИЯСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Казактар биринчилерден болуп жылкыны колго үйрөткөн. Дал ушул жараян жеке эле биздин элге эмес, жалпы цивилизацияга эбегейсиз чоң салым кошту. Бул жолугушууда биз улуттук спортту өнүктүрүү жана аларды чет өлкөдө жайылтууну талкуулап жатабыз.

Казакстандын Актөбе облусунда эр эңиш кайра жаңырып, жаштар арасында кеңири жайылып келе жатат. Бул жерде ат спортунун түрлөрүн өнүктүрүү жумуштары мындан 13 жыл мурун колго алынган. Атайын мектеп курулуп, эр эңиштен алдына жан салбаган чемпиондор чыкты. Көк бөрүчүлөр командасы өлкө боюнча экинчи орунга ээ болду. Кесиптик түрдө машыгып жүргөндөрдүн ичинде Казакстан жана Азия чемпиондору бар.

БАХТИЯР ТӨЛЕУОВ, №10 БАЛДАР ЖАНА ЖАШ ӨСПҮРҮМДӨР СПОРТ МЕКТЕБИНИН МҮДҮРҮ:

- Райондордо азыр командалык оюндарды өнүктүрүп жүргөн жигиттер бар. Биздин мектеп облустук макамга ээ болсо, бардык райондордо бөлүмдөрдү ачабыз деген ой бар. Машыктыруучуларды окутабыз. 2008-жылдан бери биздин бүтүрүүчүлөр көк бөрү, эр эңиш жана кыз куумай оюндары боюнча мелдештерге катышып жүрүшөт. Азыркы тапта биздин байыркы оюндарыбыз кайрадан жаңырууда. Бизде эр эңиш боюнча 3 спорт чебери бар. Бул оюндун түрү боюнча актөбелик жигиттер сап башында.

Спорт мектебинде 30 ат болсо, анын 12си көк бөрүгө чыгат. Эр эңиш менен тыйын эңмей оюндарына да аттар даяр.

АЛИШЕР САЛИМЖАН, ОКУУЧУ:

- Ат – бул өзгөчө жаныбар. Ушул жылдардын ичинде алар жөнүндө көп маалыматка ээ болдум. Жашылчаларды жактырышат, кантка жакын келишет. Аларды таптаган жана минген жагат. Машыгууларда өз ыкмаларымды курчутам. Казактын улуттук спорт түрлөрү менин досторума да жагат. Аталган оюндар чыныгы жигиттердин оюну деп эсепбейбиз.