«Улуу талаанын жети кыры»: Жаныбар стили

«Улуу талаанын жети кыры»: Жаныбар стили

Казакстандын аймагындагы казуу иштеринин алкагында табылган арбын археологиялык табылгалар бул жерде байыркы заманда өнүккөн маданият болгонунан кабар берет. Табылган буюмдардын арасында кумуралар, курал-жарактар, уникалдуу алтын жасалгалар бар. Жазуу тамгалары да кездешет. Албетте, ушулардын баары Казакстандын бай жылнаамасындагы маанилүү бөлүк. Бул жеке эле казакстандыктарды эмес, бүткүл дүйнөнү кызыктырат.

АЙГЕРИМ БЕРГЕНОВА, КР УЛУТТУК МУЗЕЙИНИН КЫЗМАТКЕРИ:

- Улуттук музейге келген ар бир көрүүчү алгач байыркы сактардын зергер буюмдары менен таанышуу үчүн “алтын” залына баш багат. Ал жерге биздин казакстандыктар гана эмес, көптөгөн чет өлкөлүк делегациялар, коноктор келишет. Алардын саны күн сайын, жыл сайын өсүп жатат.

Казакстандын байыркы тарыхына өзгөчө кызыгуу болуп жатканы байыркы сак маданиятынын эстеликтериндеги жаныбар стили менен түз байлаштуу. Аны ар бир экспонаттан көрүүгө болот. 1969-жылы Есик коргонунда табылган «Алтын адам» ага далил. Анын кийими 4 миңден ашуун алтын жасалгалар менен кооздолгон.

АЗАМАТ ДАРБАЕВ,  КР УЛУТТУК МУЗЕЙИНИН ЭКСКУРСИЯ ЖЕТЕКЧИСИ:

- "Алтын адамдын" жасалгаларынын ар бир бөлүктөрү ар түрдүү жаныбарлардын формасында жасалган. Бугу, илбирс жана ар түрдүү канаттууларды көрүүгө болот. Ар биринин өзүнчө мааниси бар. Төмөнкү жагында бугулар сүрөттөлгөн. Андан кийин илбирсти көрүүгө болот. Жогору жагында канаттуулар тартылган. Сактар урпактардын уландысына өзгөчө көңүл бөлүшкөн. Ошондуктан ар бир жасалга абдан баалуу. Ал эң биринчи сактардын дүйнө таанымын чагылдырат. Азыркы тапта биз ошол кезде кандайдыр бир дин болушу мүмкүн деген сөздөрдү көп угабыз. Сактардын өздөрүнүн өмүрлүк философиясы болгону анык. Менимче, бул абдан кызыктуу жагдай.

Өзүнүн «Улуу талаанын жети кыры» аттуу макаласында Өлкө башчысы байыркы ата-бабалардын өздөрүн табияттын ажырагыс бөлүгү катары эсептешкенин белгилеп өттү. Бул алардын дүйнө таанымын калыптандырган. «Жаныбар стили» сактардын чыгармачылык өзгөчөлүктөрү менен руханий байлыктарын тартуу ыкмасына айланган. Адистердин айтымында, муну ар бир жашоочу көрө алат. Бул үчүн өлкөнүн каалаган музейинде сакталган экспонаттарды көрүү жетиштүү.