“Улуу талаанын жети кыры” Анкарада талкууланды

“Улуу талаанын жети кыры” Анкарада талкууланды

Казакстан президентинин «Улуу талаанын жети кыры» аттуу макаласы Анкарада талкууланды. Иш-чара Кожа Ахмет Ясауи атындагы Эл аралык Казак-Түрк университетинде өттү. Жыйынга Анкара шаарындагы алдыңкы окуу жайларынын профессорлору менен студенттери катышты. Алар Өлкө башчысынын макаласынын маанилүү жактарын талкуулашты.

МЕХМЕТ ТОПЛУ, АНКАРА ХАЖЫ БАЙРАМ ВЕЛИ УНИВЕРСИТЕТИНИН КОММУНИКАЦИЯ ФАКУЛЬТЕТИНИН МУГАЛИМИ, ДОЦЕНТ:

- Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин макаласы казак элинин тарыхын жандандырып, терең тарыхка көңүл бөлүүгө жол ачат. Мындай программаны Түрк эли 1930-жылдары ишке ашырган. Бул өлкөнүн келечеги үчүн абдан маанилүү.

Профессор Болатбек Абдрасилов макаладагы демилгелер окуу жайларына чоң милдет артып жаткандыгын айтып өттү. Илим очоктору макаладагы басымдуу багыттарды ишке ашырууда көч башында турушу керектигин белгиледи.

БОЛАТБЕК АБДРАСИЛОВ, К.А.ЯСАУИ АТЫНДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК КАЗАК –ТҮРК УНИВЕРСИТЕТИНИН ПРЕЗИДЕНТИ:

- «Улуу талаанын жети кыры» аттуу макаласын талкуулап жатып, биздин докторанттар, окумуштуулар жана кызматкерлерибиз илимий изилдөө иштерине өсүп келе жаткан муунду тартуусу маанилүү деген  жыйынтыкка келдик. Биздин кесиптештер ушул багытта иш алып барууга даяр экенин айтышты.

МУСА ЙЫЛДЫЗ, КОЖА АХМЕТ ЯСАУИ АТЫНДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК КАЗАК-ТҮРК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ КЕҢЕШИНИН ТӨРАГАСЫ, ПРОФЕССОР:

- Казакстан президентинин «Улуу талаанын жети кыры» аттуу макаласынын алкагында кандай долбоорлорду ишке ашырууга болоорун кеңири карап чыктык. Ушул багытта, жогорку окуу жайыбыз эки жылда бир жолу Түркология конгрессин туруктуу түрдө уюштуруп жүрөт. Бул иш-чараны мындан ары жакшыртып, конгрессти Астана шаарында уюштурууга демилгечи болууну көздөп жатабыз.

Окумуштуулардын пикиринде, макаладагы эң маанилүү демилгелер «Архив – 2025» программасы менен түркологдордун Дүйнөлүк конгрессин өткөрүү.