«Нурлуу жол» программасынын алкагында 6 эл аралык унаа коридору ишке кошулат

«Нурлуу жол» программасынын алкагында 6 эл аралык унаа коридору ишке кошулат

Казакстан ири эл аралык транзиттик – логистикалык хабга айланууну көздөйт.  Азыркы тапта өлкөдө унаа инфраструктура жигердүү өнүгүүдө. «Нурлуу жол» мамлекеттик программасынын алкагында алты эл аралык унаа коридору ишке кошулат. Кытай менен Орусияны бириктире турган Омск-Капчыгай, Самара-Чымкент, Алматы–Хоргос жолдору алардын катарында. Ошондой эле мамлекеттик программанын алкагында Орусия Федерациясынын чек арасына чейинки Астана-Петропавл менен Түркмөнстан чек арасына чейинки Астрахань-Атырау-Актау долбоорлору ишке ашырылат.

САЙРАНБЕК БАРМАКОВ, КР ИӨМ КОМИТЕТ ТӨРАҒАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- 2020-жылы бардык эл аралык коридорлор «Нурлуу жол» программасынын алкагында иштейт. Бул программада караштырылган. Биз албетте, ушул багытта жумуш жүргүзүп жатабыз. Кээ бир жер тилкелериндеги жумуштарды аяктадык, кээ бир бөлүктөрү жакында аягына чыгат. Натыйжасында транзиттик мүмкүнчүлүк бир нече эсеге өсөт.

«Нурлуу жол» программасынын алкагында быйыл 4 жарым миң чакырым республикалык маанилүү автоунаа жолу калыбына келтирилип, оңдоп-түзөлөт. Бул көз карандысыздыкка ээ болгондон бери эң жогорку көрсөткүч, дейт тиешелүү мекеме өкүлдөрү.