Казакстандык металлургия эрте коло доордон бүгүнкү күнгө чейин

Казакстандык металлургия эрте коло доордон бүгүнкү күнгө чейин

Казак талаасы – байыркы металлургиянын мекени. Тарыхчылар “Улуу Жибек жолунан”  мурда “Жез жолу” болгонун, кербендер дал ушул Улытау аймагы менен өткөнүн айтышат. Касиеттүү чөлкөмдөгү Талдысай конушу анын бир далили. Бул жерде эрте коло дооорунда жашаган адамдар жез эритип, ар түрдүү буюмдарды жасашкан. Андан бир нече жыл мурда окумуштуулар шахталык ыкма менен жумуш кылган жер алдындагы мештерди табышкан.

ГАБДОЛ АУЕЗОВ, ТАРЫХЧЫ, АРХЕОЛОГ:

- Казак элинин ата-бабалары, башкача айтканда, көчмөндөр, мал багып, эгин эгүү менен чектелбестен, адамзаттын үчүнчү чарбачылыгы - металлургияны өздөштүрүшкөн, андан буюм-тайымдарды жасашкан.

«Бул биздин жерибиздеги талаа цивилизациясынын технологиялык жактан канчалык жигердүү өнүккөнүн көрсөтөт», - дейт Өлкө башчысы өзүнүн «Улуу талаанын жети кыры» аттуу макаласында. Казакстан азыркы тапта да кара жана түстүү металлургиянын кайнаган булагы.

Казак талаасындагы түстүү металлургиянын тарыхы Каныш Сатбаевдин ысымы менен байланыштуу. Ал мындан туура 90 жыл мурда Карсакпайдын алдында жездин мол кору бар экенин далилдеп, аймактын келечегин жаркын деп божомолдогон.

Кийин бул аймак Казакстандагы түстүү металлургиянын булагына айланды. Карсакпайда завод салынып,  биринчи жез алынган. Тарыхый маалыматтарга таянсак, ошол жылдары Карсакпай аймагына сырттан 270 вагон курал-жабдык жеткирилген. Мисалы, фрезердик орнотмо мындан 100 жыл мурун алып келинген. Азыркы күнгө чейин иштеп жатат.

АБДИМАЛИК ПРАКЕНОВ, ЗАВОДДУН КЫЗМАТКЕРИ:

- Бул согуш убагында иштетилген станоктор. Ал мезгилде биз болгон эмеспиз. Ата-энелербиз иштеген дешет. Бул станоктордо снарядга чейин даярдалган.

Андан бери бир кылымдын ичинде Жезказган, Балкаш аймактарында кен байытуу фабрикалары салынып, Темиртау шаарында металлургиялык комбинат ишке кошулду. Жыл сайын өндүрүштү жаңыртууга болушунча көңүл бөлүнүп келет. Алдыдагы бештин айында Жезказгандагы жез эритүү заводунда экинчи меш ишке кошулуп, өндүрүштүк кубатты 400 миң тоннага жогорулатат. Ал Темиртаудагы комбинат былтыр биринчи жолу 4 миллион тонна болот эриткен.

КАЙРАТ ШОРМАНБАЕВ, ОБЛУСТУК ӨНӨР ЖАЙ, ИНДУСТРИАЛДЫК-ИННОВАЦИЯЛЫК ӨНҮГҮҮ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Жакында металлургиялык комбинаттын жумушун жандандыруунун жол картасы жасалды. Анын негизинде алдыдагы үч жылга 300 миллиард теңге инвестицияланып, өндүрүш кубаты бир нече эсеге өсөт.

Адистердин айтымында, ичи кен байлыкка толгон казак аймагында дагы бир нече жылга жете турган кен кору бар. Азыр ишканалар ошол кен байлыкты эффективдүү өздөштүрүүнүн тетиктерин издеп, дүйнөнүн мыкты технологияларын өндүрүшкө киргизүүдө.