«Улуу талаанын жети кыры»: Серепчилердин пикири

«Улуу талаанын жети кыры»: Серепчилердин пикири

Бардыгын баалай билгендин келечеги жаркын. Нурсултан Назарбаевдин «Улуу талаанын жети кыры» аттуу макаласынын түпкү мааниси ушундай. Украинанын профессору жана экономика илимдеринин доктору Алла Касичтин пикиринде, Казакстан өз мурасын жогорку деңгээлде сактоо үчүн жигердүү иштерди алып бара жатат. Бул өлкөнүн өнүгүшүнүн негизги факторлорунун бири.

АЛЛА КАСИЧ, ЭКОНОМИКА ИЛИМДЕРИНИН ДОКТОРУ, ПРОФЕССОР:

- Менин оюмча, Казакстан аймагында металлургиянын өнүгүү тарыхынын тамыры тереңде жатат. Анын өлкө келечеги үчүн мааниси жогору. Президент өз макаласында азыркы жана эртеңки Казакстанды калыптандыра турган эң негизги улуттук салттарды белгилеп көрсөттү. Ар бир өлкөнүн өнүгүшү милдеттүү түрдө каада-салтка, анын тарыхына негизделет.

Адистердин ырастоосунда, «Архив-2025» программасы унутта калган тарыхый окуялардын тизмесин калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бээжин Борбордук улуттар университетинин доценти Дүйсенали Абдилашим уулу ушул багытта казакстандык окумуштуулар кытайлык кесиптештери менен биргеликте изилдөө иштерин жүргүзүүгө тийиш экенин айтат. Ал Кытай архивиндеги казак хандыгына тиешелүү документтерди изилдеп жүрөт. Тагыраак айтканда, 18-19-кылымдардагы казактын хан-султандарынын каттарын бир китепке жыйноо менен алектенип жүрөт.

ДҮЙСЕНАЛИ АБДИЛАШИМ УУЛУ, ТАРЫХ ИЛИМДЕРИНИН ДОКТОРУ, БЭЭЖИН БОРБОРДУК УЛУТТАР УНИВЕРСИТЕТИНИН ДОЦЕНТИ:

- Дүйнөдөгү бардык архив фонддорун казуу, ал жактан казак маданияты менен тарыхына тиешелүү маалыматтарды алып чыгуу чоң эмгекти талап кылат. Бирок, бул илимий байланыштарды өрчүтүп, Казакстан менен Кытайдын ортосундагы достук мамиленин бекемделишине чоң түрткү берет деп ойлойм.