Байыркы технологияларды изилдөө борбору ачылат

Байыркы технологияларды изилдөө борбору ачылат

Улуттук тарыхты тереңирээк таанып-билүү. Бул тууралуу мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаев өзүнүн «Улуу талаанын жети кыры» аттуу макаласында белгилеп өттү. Серепчилердин пикири боюнча, өлкө башчысынын өлкө тарыхы үчүн маанилүү макаласы байыркы сырларды ачууга арналган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кубаттуу шыктандыруучу болууда. Аны менен катар Павлодарда «Руханий жаңыруу» программасынын алкагында жаңы археологиялык борбор ачылды. Анын башкы максаты – Казакстандын тарыхый–маданий мурасын жайылтуу. Бул жерде археология, этнология жана жергиликтүү тарых тармагында изилдөөлөр жүргүзүлөт.

ТИМУР СМАГУЛОВ, АЙМАКТЫК АРХЕОЛОГИЯЛЫК БОРБОРДУН БАШЧЫСЫ:

- Мамлекет башчысынын макаласы көчмөндөр цивилизациясын изилдөөгө кубаттуу шыктандыруучу болот. Президент Улуу Талаа тарыхы жана маданияты менен толук таанышуу муктаждыгына  көңүл бөлдү жана ушуга байланыштуу биздин түз мерчемибизде байыркы технологияларды изилдөө үчүн лаборатория ачылып жатат.

ВИТАЛИЙ СИРИК, СУЛТАНМУХАМЕД БАХАДҮР СУЛТАНДЫН ЖАШООСУН ИЗИЛДӨӨЧҮ:

- Тарых өтө бай жана кызыктуу. Муну тыкыр изилдөө аркылуу биз Ертис аймагынын тарыхын гана эмес, аны менен катар казак хандыгынын тарыхын, карым-катнаш тарыхын түшүнөбүз.

Окумуштуулардын айтымында, Президенттин «Улуу талаанын жети кыры» макаласы жаңы чек араларды ачат. Жакында эле Ертис аймагынын археологдору бир нече таң каларлык ачылыш кылышты. Ал «Золотая грива» сыйынуу жайы менен сарай маданиятынын кайталангыс издери сакталган Аулиекөл шаары. Бүгүнкү күндө артефакттар изилденүүдө.

ТАТЬЯНА КРУПА, АРХЕОЛОГИЯЛЫК ТЕКСТИЛЬ ИЗИЛДӨӨЧҮСҮ:

- Мен Украинадан келген адаммын. Эмнеге бул тема мени кызыктырат? Орто кылымдык көчмөндөр да биздин этногенездин калыптануусуна катышкан. Харьков шаарынын аталышы да түрк тилинен чыккан.

КЫРЫМ АЛТЫНБЕКОВ, ОҢДОП ТҮЗӨӨЧҮ:

- Ошол кездеги кырдаалды сүрөттөп бере турган уникалдуу артефактылар табылды. Андан кийин жерге көмүлгөн жазуусу бар жибек кездемелер табылды. Котормолордун ар түрдүү варианттары бар жана алардан ошол кездеги кырдаалдын кандай болгонун аныктоого болот.

Окумуштуулардын алдында дагы көп жумуш бар. Алардын пикиринде, Павлодар лабораториясы бүткүл дүйнөнүн алдыңкы адистери иштей турган уникалдуу платформа боло алат.