“Улуу талаанын жети кыры” Өлкө башчысынын макаласы

“Улуу талаанын жети кыры” Өлкө башчысынын макаласы

Казак элинин тарыхы бай жана ар түрдүү. Өлкө материалдык маданияттын, көптөгөн заттар пайда болгон аймакка айланды. Заманбап адамдар ата-бабалардын ойлоп тапкандарын  жакшыртылган нускасында пайдаланышат. Бул тууралуу Казакстан Президенти Нурсултан Назарбаев «Улуу талаанын жети кыры» аттуу макаласында белгилеп өттү. Казактын ийгилигин, жетишкендиктерин так маалыматтар менен далилдеп, алдыдагы максаттарын аныктап берди. Окумуштуулардын изилдей турган иштери өтө арбын. Серепчилердин пикиринде, Астанадагы түрк таануучулардын Дүйнөлүк конгресси ааламдык жараянга айлануусу мүмкүн.

ЕРЛАН СЫДЫКОВ, Л.ГУМИЛЁВ АТЫНДАГЫ ЕУУнун РЕКТОРУ:

- Экинчи сунуш 2019-жылы түрк таануучулар конгрессин өткөрүү. Ушинтип биз жаңы салтты киргизебиз. Жыл сайын өтө турган конгресстин максаты – түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштууларды чогултуу, түрк ааламынын адамзаттын өнүгүшүнө кошкон баалуулуктарын даңазалоо. Биздин аймакта империялар болгон, мамлекеттер түзүлгөн. Алар жөн эле болгон эмес, алар адамзаттын өнүгүшүнө өз салымын кошушкан.

ГАЛЫМКАЙЫР МУТАНОВ, АЛЬ-ФАРАБИ АТЫНДАГЫ КАЗАК УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТИНИН РЕКТОРУ:

- Макаланын өлкөнүн өнүгүшүндөгү орду өзгөчө болот деп ойлойм. Ал бардык казакстандыктарга тарыхтан так маалымат эле бербестен, ошол эле учурда керектүү багыт көрсөтөт. Бул бардыгыбыз үчүн башка, сапаттуу деңгээлге чыгууга туура багыт көрсөткөн жол көрсөткүч боло алат деп ойлойм.