«Нурлуу жол» программасы

«Нурлуу жол» программасы

«Нурлуу жол» мамлекеттик программасын ишке ашыруу – улуттук экономиканын өсүшүнүн башкы кыймылдаткыч күчү. Максат – өлкөдөгү аймактардын ортосундагы унаа каттамын жакшыртуу үчүн инфраструктураны өнүктүрүү. Долбоордун алкагында республикалык маанилүү жолдордун 7 миң чакырымы кайра калыбына келтирилип, 10 миң чакырымын оңдоп-түзөө көздөлгөн.  «Нурлуу жол» программасы ишке кошулгандан бери жолдорду өнүктүрүүнү камсыз кылууга триллион теңгеден ашуун каржы багытталган.

САТЖАН АБЛАЛИЕВ, КР ІІМ  АВТОМОБИЛЬ ЖОЛДОР КОМИТЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Аталган долбоордун алкагында республикалык жана эл аралык маанилүү 2,4 чакырым жол кайра калыбына келтирилди. Долбоорлор боюнча айта турган болсок, «Батыш Европа – Батыш Кытай» жолундагы жумуштар соңуна чыкты. Ошондой эле, Алматы-Капчыгай, Астана-Темиртау багыты да аяктады. Маңгыстау облусундагы кээ бир тилкелер тапшырылды.

Тармактык мекемелердин маалыматына ылайык, программа ишке ашкандан бери 100 миң жумуш оруну түзүлгөн. Долбоор өндүрүшүндө пайдаланылган ата мекендик материалдардын үлүшү 95 пайызды түзүп жатат. Азыркы тапта программанын алкагында республикалык мааниге ээ 4,5 миң чакырым жол калыбына келтирилүүдө.  Бул дагы 22 долбоор. Кийинки жылы Казакстанда дагы 2 миң чакырым жолду оңдоо көздөлүп жатат.

САТЖАН АБЛАЛИЕВ, КР ІІМ  АВТОМОБИЛЬ ЖОЛДОР КОМИТЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Бул долбоордун көпчүлүгү эл аралык транзиттик коридор болгондуктан, алардын курулушу жалпы республиканын эл аралык жүк ташуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга багытталган. «Батыш Европа – Батыш Кытай» сыяктуу абдан чоң долбоорлорду ишке ашыруу тажрыйбасы көрсөтүп жаткандай, алар ишке кошулгандан бери унаалардын каттамы өсүп, товар жүгүртүү жогорулап жатат. Мисалы, «Батыш Европа – Батыш Кытай» автомагистралы тапшырылгандан бери кээ бир бөлүктөрдөгү кыймыл үч эсеге чейин өскөнү байкалууда.

«Нурлуу жол» программасынын алкагында унаа инфраструктураны өнүктүрүү үчүн эл аралык каржы институттарынан каржы тартуу жагы да каралган. Бул багытта Дүйнөлүк банк, Азия банкы жана Европа кайра куруу жана өнүгүү банкынын жигердүүлүгү жогору.

САТЖАН АБЛАЛИЕВ, КР ІІМ  АВТОМОБИЛЬ ЖОЛДОР КОМИТЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- «Батыш Европа–Батыш Кытай» долбоорун ишке ашыруу үчүн 4,5 миллиард доллардан ашуун инвестиция тартылды. Бүгүнкү күндө колго алынган кезектеги долбоорлордо да жумшала турган каржынын орто эсеп менен 30 пайызына жакыны эл аралык банктардын үлүшүндө. Акыркы кездерде кытайлык «ЭксИмБанк» менен өнөктөштүгүбүз жакшы өнүгүп келе жатат. «Нурлуу жол» программасын ишке ашырып, жолдордун курулушуна эки миллиард  долларга жакын каржы тартылды.

Адистердин божомолунда, «Нурлуу жол» программасын ишке ашыруу Казакстан экономикасына мультипликативдик таасирин тийгизет. Бул заманбап магистралдар менен бирге өлкөнүн ИДӨ өсүшү, жаңы жумуш орундарынын ачылуусу менен транзиттик жүк ташууларынын өсүшү дегенди билдирет.