Улуттук архив - 2025 программасы

Улуттук архив - 2025 программасы

Казакстанда бирдиктүү архив базасын түзүү көздөлүп жатат. Бул улуттук тарыхты изилдөөчүлөргө керектүү материалдарды мурдагыдан 2 эсе тезирек табууга мүмкүнчүлүк берет. Бүгүнкү күндө казакстандык документтерди жана материалдарды чогултуу иштери жүрүүдө. Ошентсе да, керектүү маалыматтарды камтыган көптөгөн кол жазмалар ар кайсы өлкөлөрдүн архив жана музейлеринде сакталып келет. Алар Орусиядан Венгрияга чейинки аймактарда жатат. Казакстандын Улуттук архивинин мүдүрү Жангелди Махашовдун айтымында, аталган документтерди кайтаруу тарыхчылардын, маданият таануучулар менен архивчилердин башкы максаттарынын бири.

ЖАНГЕЛДИ МАХАШОВ, КР УЛУТТУК АРХИВИНИН МҮДҮРҮ:

- Азыркы тапта 12 мамлекет менен келишимдерибиз бар. Ушул жыл мен расмий делегация менен Түркия Республикасынын Стамбул шаарында болдум. Ал жерде бизге Каип хан менен Осмон императору Ахмет үчүнчүнүн ортосундагы  кол жазманы беришти. Башка өлкөлөрдө да маанилүү документтер бар. 2007-жылдан бери 5 миңден ашуун документ чогултулду. Аталган документтерди окумуштуулар, ЖОЖдор менен биргеликте  которуп коомчулукка көрсөтүшүбүз керек.

Тарыхчылардын айтымында, жети жылдык «Архив-2025» программасы изилдөөчүлөргө  бабалардын мурасын изилдөөгө жаңы күч-кубат берет. Тарыхый архивдик документтердин санариптик форматка өткөрүлүшү жалпы коомчулук үчүн аталган документтерди жеткиликтүү кылат.

РАУШАН ИМАНЖУСУП, ГУМИЛЁВ АТЫНДАГЫ ЕУУнун МҮДҮРҮ:

- «Архив-2025» долбоорунун алкагында 7 жылдын ичинде көп нерселерди аткара алабыз. Көптөгөн документтерге ээ болуп, өзүбүздүн материалдарыбызды кайтара алабыз. 5 миңге жакын документти кайтарышыптыр. Менин оюмча бул иш-чара эң маанилүү материалдарды кайра кайтарууга чоң мүмкүнчүлүк берет.