Казакстан Президентинин макаласы: “Улуу талаанын жети кыры”

Казакстан Президентинин макаласы: “Улуу талаанын жети кыры”

Улуу талаанын жети кыры”. Казакстандын тарыхына арналган Нурсултан Назарбаевдин жаңы макаласы ушундай аталат. Аталган материал Акордонун расмий сайтына жарыяланды. Макалада ар бир казакстандык өз тарыхын  ар тараптан сезип аны кабыл алуусу керек деп айтылат. Ошондой эле материалда, жылбаяндарда казак элинин ата-бабалары Евразиянын кеңири мейкиндигинде саясий жана экономикалык тарыхты түп тамыры менен өзгөрткөн факттар аз эмес экени белгиленет. Өлкө башчысы Улуу Жибек жолундагы байыркы металлургия, атка минүү маданиятына басым жасап жатат. Ошондой эле, Казакстан Президенти  “Архив-2025”, “Улуу талаанын Улуу ысымдары” жана “Талаалык  фольклордун антологиясы” сыяктуу ири долбоорлорду баштоону сунуштоодо.

НУРСУЛТАН НАЗАРБАЕВ, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Бир жарым жыл мурда менин “Келечекке көз караш: коомдук аң сезимди жаңылоо” макалам  жарыяланган. Ал коомчулукта жылуу кабыл алынган. Жогоруда айтып өткөн долбоорлорду “Руханий жаңыруу” программасынын уландысы катары карайм. Жалпы улуттук “Руханий жаңыруу” программасынын жаңы курам бөлүктөрү биздин ата-бабаларыбыздын  кылымдар бою сакталган мурастарын жаңыртууга мүмкүнчүлүк берет. Бул аны түшүнүктүү жана санариптик цивилизацияда суроо-талаптуу кылат.