Кызылордо облусунда магистралдык газ түтүгү салынат

Кызылордо облусунда магистралдык газ түтүгү салынат

Президенттин 5 коомдук демилгесинин бешинчи багыты – өлкө аймактарын газдаштыруу. Ушул багытта Кызылордо облусундагы Жезказган, Караганды, Темиртау, Астана аркылуу магистралдык газ түтүгү салынат. Натыйжасында өлкөнүн 3 миллиондой тургуну көгүлтүр отундун жемишин көрөт. Аны менен катар, Арканын экологиялык абалына жакшы таасир берет. Сарыарка магистралдык газ түтүгүнүн курулушун жыл аягына чейин баштоо көздөлгөн. Ал Кызылордо облусунда жайгашкан газ компрессордук станциясынан 44 чакырым жерде «Бейнеу-Бозой-Чымкент» газ түтүгүнүн боюнан өтөт. Белгилүү долбоордун алгачкы этабында Астанага чейин 3 облус аймагын бойлоп өткөн 1 миң чакырымдан  ашуун магистралдык газ түтүгү тартылат.

АЗАМАТ ЕРМАГАНБЕТОВ, БАШКЫ ИНЖЕНЕРДИН ОРУН БАСАРЫ:

- «Сарыарка» магистралдык газ түтүктөрүнүн долбоор-сметалык документтери мамлекеттик талдамадан ийгиликтүү өттү. Азыркы убакытта тендер жарыялоого даярданып жатабыз.

Белгилей кетсек, Сыр аймагында өткөн жылы пайдаланууга берилген компрессордук станция «Бейнеу-Бозой-Чымкент» магистралдык газ түтүгүнүн өткөрүү жөндөмдүүлүгүн 10 миллиард кубометрге чейин жогорулатты. Жаңы станция акыркы үлгүдөгү технологиялар менен жабдылган.

ТАЛГАТ МЕНЕЕВ, ГАЗ КОМПРЕССОРДУК СТАНЦИЯСЫНЫН БАШЧЫСЫ:

- Табигый газ бизге магистралдык газ түтүктөрү аркылуу келет. Биздин башкы максатыбыз – башка да эки компрессордук станциядан келген көгүлтүр отунду ныктап, ушинтип газ бою менен газдын өтүмдүүлүгүн камсыз кылуу.

ЕРЛАН ЖОЛАМАНОВ, ОБЛУСТУК ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТКЧ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Азыр Астана шаары боюнча долбоор иштелип чыгууда. Ал жакта жаңы жылуулук электро борбору салынып жатат. Бардык иштер бүткөндөн кийин дароо газга кошулуу мүмкүнчүлүгү болот. Биринчи кезекте Астанадагы экологиялык кырдаал жакшырат.

Казакстандын стратегиялык маанилүү мега-долбоорун кийинки жылдын бештин айында пайдаланууга берүү көздөлүп жатат.