Караганды облусунда катоддуу жез өндүрө турган завод толук өндүрүштүк кубатына чыкты

Караганды облусунда катоддуу жез өндүрө турган завод толук өндүрүштүк кубатына чыкты

Казакстан – индустриалдык-инновациялык өнүгүү жолунда. Караганды облусунда жайгашкан катоддуу жез өндүрө турган завод толук өндүрүштүк кубатына чыкты. Жаңы технологиялардын аркасында мурда керексиз деп эсептелген чийки зат түрлөрүн пайдаланууга мүмкүнчүлүк пайда болду. Эми ишкана жылына 9 миң тонна түстүү метталл өндүрүүгө жөндөмдүү. Өнүмдүн бардыгы экспортко багытталган. Ишкана өз өнүмдөрүн сырткы рынокко жеткирүү тууралуу металл ташуу боюнча дүйнөдө көч башындагы ири трансулуттук компания менен келишим түзгөн.

ФАРХАТ АСЫЛБЕКОВ, КЕН ИШИ БОЮНЧА ДЕПАРТАМЕНТИНИН МҮДҮРҮ:

- Геологдордун изилдөөсү боюнча, «Алмалы» кенинде дагы 27 миллион тонна кен фонду бар. Азыр биз аны өздөштүрүп жатабыз. Бирок, кийинки жылы дагы чалгындоо иштерин жүргүзөбүз. Ушундай шарттарда кубаттуулугун жогорулатабыз.

 

Завод «Алмалы» кенинде курулду. Бул жерде күнүнө 10 миң тоннага жакын кен өндүрүлөт. Өндүрүш жайынын экономикалык эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында ишкана инновациялык технологияларды колдонууга өткөн. Алардын аркасында салттуу эмес чийки зат түрү – сейрек кенди пайдаланууга мүмкүнчүлүк пайда болду.

ДМИТРИЙ ДМИТРИЕНКО, ТЕХНИКА КООПСУЗДУГУ БОЮНЧА ДЕПАРТАМЕНТИНИН МҮДҮРҮ:

- Өндүрүш калдыктары бир нече жолу чыпкадан өтөт. Бул жерде жумушчулардын коопсуздугу да болушунча эске алынган. Химиялык эритмелер автоматтык түрдө куюлат.

Бул жерде сапаттуу өнүм алуу үчүн атайын лаборатория да иштейт. Ал кендеги металлдын көлөмү аныкталды. Талдоо натыйжалары боюнча геологдор чийки заттын өндүрүшкө кандай абалда барарын чечет. Чийки зат өндүрүшкө такыр кабыл алынбай калышы мүмкүн. Технологиялык жараянды башкаруу да лабораториялык изилдөөгө байланыштуу.

СТАНИСЛАВ РЕВЕНКО, ЛАБОРАТОРИЯ БАШЧЫСЫ:

- Технологдор өз алдынча жумуш кыла алышпайт. Аларга берилген эритменин курамындагы металл менен кислота өлчөмүн билүү керек. Лаборатория технологдорго өнүмдүн болушунча сапаттуу болуусу үчүн жараянды кандай жүргүзүү, жол-жоболоштуруу зарылчылыгы тууралуу маалымат берет.

Белгилей кетсек, заводдогу өндүрүш толугу менен автоматташтырылган. Жабдыктар Финляндия, Улуу Британия, Израиль жана Италиядан алып келинди. Жалпы инвестициялык долбоордун наркы - 14 миллиард теңге.