Казакстандын 100 жаңы ысымы: Денис Кузин

Казакстандын 100 жаңы ысымы: Денис Кузин

«100 жаңы ысым» долбоору бүгүнкү Казакстандын таланттарын таанытууга жол ачты. Алар өз акыл-билими, эмгеги, таланты менен заманбап Казакстандын калыптануусуна салым кошкон жарандар. Алардын бири – спортчу Денис Кузин. Конькини дос кылган жигит «100 жаңы ысым» долбоору шыктандырып, жаңы бийиктиктерге жетелегенин айтат. Азыр ал Казакстанда коньки менен жүгүрүү спортун өнүктүрүп, жаш конькичилер менен тажрыйба бөлүшүп, аларга билгенин үйрөтүп келет.

ДЕНИС КУЗИН, «100 ЖАҢЫ ЫСЫМ» ДОЛБООРУНУН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ:

- Олимпиададан кийин спорт менен коштошуу керек деп ойлодум. Бирок, бул долбоор жаңы эргүү бергендей болду. Мисалы, Казакстан чемпионатында дароо үч медаль алдым: коло, күмүш жана алтын. Ушинтип, чоң спортко кайра кайттым. Алдыда Жапонияга Дүйнө Кубогуна барып келгенден кийин Дүйнө чемпионатына даярданам.

Быйыл Денистин спорт тармагында жүргөнүнө 20 жыл болду. Кээ бирөө билсе, кээ бирөө билбейт, Кузин – коньки жарышынан дүйнө чемпионатында топ жарып чыккан Казакстандагы алгачкы жана азыркы тапта жалгыз спортчу. Ал 2013-жылы миң метрдик жарышта алдына эч кимди чыгарган эмес. Ушул жеңиштен кийин бир жыл өтүп жаракат алып калган. Бирок, Денис спортсуз өмүрүн элестете албайт. Дагы далай бийиктиктерди багындыргысы келет.

ДМИТРИЙ БАБЕНКО, КР УЛУТТУК КУРАМЫНЫН БАШКЫ МАШЫКТЫРУУЧУСУ:

- Бүгүнкү күндө ал толук калыбына келди деп айта аламын. Буга Казакстан Чемпионатындагы көрсөткүчтөрүнө карап ынанса болот. Андан мурун Германияда жалпы эсепте төртүнчү орунду ээлеген.

ДЕНИС КУЗИН, «100 ЖАҢЫ ЫСЫМ» ДОЛБООРУНУН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ:

- Жаңы машыктыруучу менен машыгып жатам. Командабыздын  курамы да кеңейген. Даярдык программасы өзгөрдү, азыр муз үстүндөгү машыгууларга басым берилүүдө. Натыйжасында ар бир спортчунун жеке ийгиликтери бар. Атаандаштык күчтүү.

Денис Казакстанда коньки спортунун өнүгүшүнө мүмкүнчүлүктөр арбын экенин кошумчалайт. Келечекте көптү үмүттөндүргөн спортчуларыбыз да бар, дейт ал.