Президенттин кайрылуусу чет өлкөдө талкууланды

Президенттин кайрылуусу чет өлкөдө талкууланды

Казакстан Президентинин Кайрылуусу чет өлкөлөрдө жигердүү талкууланууда. Кытайлык серепчилер, Өлкө башчысынын бардык демилгеси казакстандыктардын эле турмушун жакшыртпастан, жалпы Борбор Азия аймагындагы туруктуулукту сактоого таасир этет, дешет. Кытайдын Казакстандагы мурдагы элчиси Чжан Дэгуан, кайрылуудагы милдеттер - өнүгүп келе жаткан өлкө үчүн так белгиленген программа экенин белгиледи. Ошондой эле ал, бүгүнкү күндө эки мамлекеттин ортосунда жогорку деңгээлде саясий диалог орногонуна токтолду.

СУНЬ ЧЖУАНЧЖИ, ЧЫГЫШ ЕВРОПА ЖАНА БОРБОР АЗИЯНЫ ИЗИЛДӨӨ ИНСТИТУТУНУН МҮДҮРҮ:

- Отурумдун алкагында Президенттин Кайрылуусун ар тараптуу талкууладык. Документте коомдук өнүгүү, калктын шартын жакшыртуу, билим берүү сыяктуу суроолор так камтылган. Президент бардык деңгээлдеги чиновниктерден бюрократияны жок кылууну талап кылды. Кытайдын Төрагасы да бул маселеге маани берип келет.

Ал тапта Лондондо да Президенттин Кайрылуусу талкууланды. Ага Улуу Британиянын алдыңкы университеттеринде окуп жаткан казакстандык студенттер катышты. Алар Өлкө башчысынын демилгесин колдоп, бүгүнкү күндө дүйнөдөгү алдыңкы окуу жайлар менен өнөктөштүктү өнүктүрүп, Назарбаев Университетинин тажрыйбасынын негизинде чет өлкөлүк мыкты топ-менеджерлерди кызматка тартуу маанилүү деген пикирге кошулушту.

ЖАНСУЛТАН НУРМУХАНОВ, «БОЛАШАК» ПРОГРАММАСЫНЫН СТИПЕНДИАТЫ:

- Азыркы билим берүү системасы ал өлкөнүн экономикасы менен түз байланышта. Башкача айтканда, өлкөнүн билим берүү системасы абдан жакшы болсо, экономикасы да алдыга жыла берет. Ошол себептүү мен бүтүргөндөн кийин өзүмдүн өлкөмдүн экономикасынын алдыга  жылышына жана алдыңкы катардагы 30 өлкөнүн катарына кирүүсүнө өз салымымды кошом.