Казакстандын 100 жаңы ысымы: Сымбат Абдирахманова

Казакстандын 100 жаңы ысымы: Сымбат Абдирахманова

«Казакстандын 100 жаңы ысымы» долбоору көпчүлүк жеңүүчүлөрдүн жашоосун түп тамырынан өзгөрттү. Биринчи этаптын женүүчүсү Сымбат Абдрахманова атактуулукка ушул улуттук сынак аркылуу жеткенин жашырбайт. Жердештери анын автордук программаларын жана казак тилиндеги таанып-билүүчүлүк мультфильмдерин жогору баалашты.  

Сымбат тилинде кемтиги бар балдарга арналган 9 мультфильмдин автору. Бүгүнкү күндө анын усулдук куралдары өлкөдөгү бардык билим берүү мекемелеринде кеңири колдонулуп келет. Мындан сырткары жаш адис психологиялык жаатындагы методикалык окуу китептерди жазат жана перс тили боюнча борбор азиялык олимпиаданын женүүчүсү.

СЫМБАТ АБДРАХМАНОВА, ДОЛБООРДУН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ:

- Албетте долбоордун берген жемиши өтө көп. Өмүрүмдү долбоорго чейин жана долбоордон кийин деп бөлүп айтсам болот. Дароо чоң түрткү берди. Ушул долбоордон кийин Европанын психиатрлар Ассоциациясынын мүчөсү болдум.

Жердештеринин колдоосун сезип, өз күчүнө ишенген Сымбат жаңы идеяларды ишке ашырууга бел байлады. Кызылордонун 200 жылдыгына арнап туулган жеринин тарыхы, географиялык өзгөчөлүктөрү сүрөттөлгөн мультфильм тартуулады. Эми алдыдагы убакытта анимациялык сынактарда да алдыда болууну көздөп жатат.

СЫМБАТ АБДРАХМАНОВА, ДОЛБООРДУН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ:

- Азыркы тапта мен кыска метраждуу мультфильм даярдап жатам. Мындан башка 2019-жылы Варшавада өтө турчу суициддин алдын-алуу боюнча ири конференцияда сөз сүйлөөгө даярданып жатам. Ал жакка мени баяндамачы катары чакырышты.

Азыр “Казакстандын 100 жаңы ысымы” долбоорунун экинчи этабы уланууда. Бул жолу жаштарга басым берилүүдө.