Казакстандын латын арибине өтүүсүн Түрк дүйнөсү колдойт

Казакстандын латын арибине өтүү тууралуу чечими тарыхый мааниге ээ. Анткени, Казакстан бүгүнкү күндө Түрк дүйнөсүндө көч башында турган мамлекеттердин бири. Анын ар бир кадамы бүткүл түрк дүйнөсүнө таасир берет. Түрк окумуштууларынын бирдиктүү пикири ушундай. Алардын айтымында, бул жагдай казак тилинин өнүгүшүнө жана дүйнө тилдеринин катарына кошулуусуна чоң салым кошот.

ӨЗЛЕМ ДЕНИЗ ИЫЛДЫЗ, МАРМАРА УНИВЕРСИТЕТИ, ТҮРК ТААНУУ ИНСТИТУТУНУН ОКУТУУЧУСУ:

- Казакстандын латын арибине өтүү жараянын колдойбуз. Бирдиктүү же бири–бирине жакын тамгалардын кабыл алынуусу биз үчүн маанилүү. Казактардын бул жараяны алдыдагы убакыттта кыргыздардын латын арибине өтүү жараянына алгылыктуу салым кошооруна ишенем.

Казакстандын латын арибине өтүү жараянын Түркия жана Европадагы казак диаспорасы колдойт. Латын ариби аркылуу казак тили чет өлкөдөгү казакстандыктарга жеткиликтүү болот.

АБДУЛВАХАП КАРА, МИМАР СИНАН КӨРКӨМ ӨНӨР УНИВЕРСИТЕТИНИН ПРОФЕССОРУ:

- Бул айрыкча, Түркия менен Европадагы диаспора үчүн да өтө маанилүү. Анткени, бул жакта казактар латын арибин колдонушат. Ошондуктан, кириллицаны окууда жаштар кыйынчылыктарга дуушар болушат. Эми латын арибине өтүү аркылуу Европадагы жаштарыбыз ээн эркин Казакстандын басма сөз жана китептерин окуй турган даражага жетет.

Белгилей кетсек, Түркия латын арибине 1928-жылдын жетинин айынын биринде өткөн.