Президенттин кайрылуусу: Өлкө келечеги – сапаттуу билимде

Өлкө келечеги – сапаттуу билимде. Казакстандын Президенти элге арнаган кайрылуусунда ушул тармакты өнүктүрүүнүн негизги багыттарын өзгөчө белгилеп өттү. Эл аралык стандарттарга ылайык иштөө жана дүйнөнүн алдыңкы университеттери менен өнөктөштүктү орнотуу өлкөнүн жогорку билимдүү адистерин даярдоого өз таасирин тийгизет. «Болашак» программасы Улуу Британия менен ортодогу ийгиликтүү кызматташтыктын жаркын көрүнүшү. Бүгүнкү күндө Бириккен Королдуктун эң мыкты окуу жайларында 300гө жакын казакстандык студент билип алууда. Англис серепчилери Нурсултан Назарбаевдин мектепке чейинки билим берүү сапатын түп тамыры менен жакшыртуу тууралуу демилгесин колдоп жатышат.

ДЖЕФФРИ ТЕМПЛ, "LEADER TECHNOLOGIES" КОМПАНИЯСЫНЫН БАШКАРУУЧУ МҮДҮРҮ:

- Мен Казакстанда 2001-2014-жылдары иштегем. Ошол кезде кесиптештеримдин кесипкөйлүгүнө таң калгам. Алар өтө сабаттуу жана жигердүүлүгү жогору. Чындыгында алардын мүмкүнчүлүктөрү мол. Бирок, убакыт бир жерде турбайт. Ошондуктан мыкты болууга умтулуу керек. Күч-аракетти мектепке чейинки билим берүүдөн баштоо зарыл. Билим сапаты маселеси дароо чечилбейт. Бул тармак да башка багыттар сыяктуу эле инвестицияларды талап кылат.

Чет өлкөлүк серепчилер Нурсултан Назарбаевдин агартуу, илим жана саламаттыкты сактоо тармактарынын чыгымын ИДӨнүн 10 пайызына чейин көтөрүү оюн да баалашууда. Азия –Тынч океан изилдөө борборунун мүдүрү Ом Гу Хонун айтымында, Казакстан өнүгүп келе жаткан өлкөдөн, бардык жагынан жогорку мамлекетке айлануу жолундагы алгачкы кадамдарды жасап жатат.

ОМ ГУ ХО, АЗИЯ-ТЫНЧ ОКЕАН ИЗИЛДӨӨ БОРБОРУНУН МҮДҮРҮ:

- Президенттин жарандардын ал-акыбалын жогорулатууга багытталган демилгеси ийгиликтүү болот деп эсептейм. Бул жашоочулардын арасында каржы таратуу эмес, экономиканын өнүгүшүнүн пайдубалын түптөө. Агартуу, илим жана саламаттыкты сактоо тармактарына салынган инвестициялар өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө түрткү берет. Ошондуктан бул кайрылуунун калк үчүн мааниси мол жана ал убакыттын талабына ылайык милдеттерди камтыйт деген ойдомун.