Казакстандын 100 жаңы ысымы: Бахаргүл Төлеген

Бахаргүл Төлеген темирге жан берип, жыгачты сүйлөткөн чебер. Өнөрүнүн аркасы менен ысымы «100 жаңы ысым» долбооруна кирген жеңүүчү. Белгилүү коллекционер-этнограф Казакстанда алгачкылардан болуп  улуттук азем белектерди чыгара турган компанияны түптөгөн ишкер айым. Автордун буюмдары чет өлкөдө да белгилүү. Анын бул кесибине сейрек кездешкен заттарды жыйноо хоббиси түрткү болгон. Коллекциясында 1000ден ашуун турмуштук, колдонмо өнөр буюмдары менен Борбор Азия элдеринин зергердик кооз буюмдары бар. Алардын арасында «Байтерек», «Алтын адам», «Коркыт ата»  эстеликтери менен мемориалдарынын көчүрмөлөрү кездешет.

БАХАРГҮЛ ТӨЛЕГЕН, «100 ЖАҢЫ ЫСЫМ» ДОЛБООРУНУН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ:

- Биздин үй-бүлөдө сейрек кездешкен экспонаттар муундан-муунга өтүп келчү. Азыр карамагымда миңден ашуун баалуу буюм бар. Бардыгы казак элинин каада-салттарынан, маданиятынан, тарыхыбыздан кабар берет. Азем белектерибиз аркылуу казак элинин бай өнөрүн даңазалоо жана жаштардын аң-сезимине ата-баба салтын сиңиртүүнү көздөйм.

Бахаргүл Төлегендин жаш чагындагы хоббиси бүгүнкү күндө чоң кесипке айланган. Казакстандык ишкер улуттук стилдеги азем белектер менен кол өнөр буюмдарын жасап, казак маданияты менен өнөрүн дүйнөгө таанытып келет. Ишкер Казакстандын өткөнүн, бүгүнкү менен келечегин айкалыштырып, улуттун улуу баалуулуктарын даңазалоону көздөйт.

МАРАТ ТОКАШБАЕВ, РЕСПУБЛИКАЛЫК КООМДУК САЯСИЙ ГЕЗИТТИН БАШКЫ РЕДАКТОРУ:

- Өткөн жылы Бахаргүл «100 жаңы ысым» долбооруна кирген. Менин оюмча ал бул макамга татыктуу. Ишкер айым мыкты сүрөтчүлөр жана дизайнерлер менен иштешет. Ал дагы көптөгөн бийиктиктерди багындырат деп ишенем.

Уникалдуу улуттук  азем белектер көбүнчө чет өлкөлүк туристтердин арасында жогорку суроо-талапка ээ. Көргөн сайын көргүң келген буюмдар Астанада өткөн ЭКСПО 2017 көргөзмөсүндө улуттун сыймыгы болгон. 2011-жылы Азия оюндарына келген конокторду таң калтырган.