Батыш Казакстанда «Таксай канбийкесинин» күмбөзү орнотулду

Батыш Казакстанда «Руханий жаңыруу» программасынын алкагында «Таксай канбийкесинин» күмбөзү орнотулду. Эстеликтин бийиктиги 7 метр, туурасы 5 метр. Мазар Долинный айылында жайгашкан. Жаш аял көмүлгөн дөбө биздин доорго чейинки 5-кылымдарга тиешелүү. Тарыхчылар аны сармат, сак доорлоруна тиешелүү экенин айтышат. Таксай комплекси Казакстандын ыйык жерлерине киргизилген тарыхый объекттердин бири. Ал эми калыбына келтирилген «Алтын Канбийке» айкели чет өлкөлүк окумуштууларга тааныштырылып, анын ичинде Улуу Британия, Кытай, Азербайжан, Орусия, Корея өлкөлөрүндө музейлерге коюлган. Бейиттен археологдор миңден ашуун баалуу буюмдарды табышкан. Алардын ичинде жебенин колодон жасалган учу, ат жабдыктары, алтындан, жыгачтан, сөөктөн жасалган диний жөрөлгө буюмдары бар.

НАДИЯ ЖАСТЛЕК,  ОБЛУСТУК ЧӨЛКӨМ ТААНУУ МУЗЕЙИНИН ЭКСКУРСОВОДУ:

- Канбийке биздин доорго чейинки 5-6-кылымдарда, акыркы сарматтар мезгилине жатат. Анын бейитинен өтө көп алтын жасалгалар табылган. Тагыраак айта турган болсок, жалпы салмагы 3 килограмм, бардыгы 110 алтын жасалга буюм.

ЯНА ЛУКПАНОВА, БКО ТАРЫХ ЖАНА АРХЕОЛОГИЯ БОРБОРУНУН АГА ИЛИМИЙ КЫЗМАТКЕРИ:

- Кабырдын орду аны күн батышты көздөй алып бара жаткан араба сыяктуу казылып жасалган. Кызыгы ушунда. Кабырдын дубалдары күн менен анын шоолалары сыяктуу кооздолгон. Аны менен катар, диний сыйынуу куралдарына окшогон көп буюмдар табылган.

Казакстандын касиеттүү жерлери картасына Акмола облусунан 49 эстелик кирип жатат. Алар облустун бардык аймагында - Ерейментау, Сандыктау, Зеренди, Атбасар аймактарында катталган. Тарыхый эстеликтердин арасында Абылайхандын уулу, Чокан Валихановдун атасы Уали хан көмүлгөн бейит да бар. Айта кетүүчү жагдай, ал өзү туулган жеринде көмүлгөн  казактын жалгыз ханы. Эми Акмола облусуна келе турган туристтер бул ыйык жерлерге да ат тизгинин бура алышат. Мазардын айланасында жасалып жаткан өзгөрүүлөр конокторду кабыл алууга арналган. Бул жерде жарыктандыруу өткөрүлүп, алачыктар коюлуп, тротуарлар салынган. «Руханий жаңыруу» алкагында бул объект туристтик сунуштарга киргизилди.

ТИЛЕКТЕС НУРСЕЙИТОВ, ТАРЫХЫЙ-МАДАНИЙ МУРАСТАРДЫ КОРГОО ЖАНА ПАЙДАЛАНУУ БОЮНЧА БОРБОРДУН  МҮДҮРҮНҮН МИЛДЕТТИН АТКАРУУЧУ:

- Биздин Акмола облусунда тарыхый жана маданий эстеликтердин абдан көп өлчөмү бар. 1023 жергиликтүү, 4 республикалык жана 558 алдын ала эсепке алынгандар. Дүйнөдө экстремалдык шарттарды жактыргандар арбын, ошондой жандар үчүн руханий изденүү маанилүү.