Казакстандын 100 жаңы ысымы: Саида Калыкова

Эмгекчилдик, сабырдуулук, тырышчаактык. Бул бардык адам баласына тиешелүү ийгиликтин ачкычы. Муну “Казакстандын 100 жаңы ысымы” долбоорунун тизмесине кирген талант ээлери жакшы билишет. Улуттук долбоордун жеңүүчүлөрүнүн катарында пианинодо кол ойноткон, чебер пианист, композитор, Казакстандын жалгыз музыка академиги – Саида Калыкова да бар. Анын көрүү жөндөмдүүлүгү болгону 5 пайыз.

Өнөр тармагына жаңыдан кадам таштап, талпынып жаткан кичинекей кыздын алдында чоң сыноо турду. 9 жашында оор илдетке чалдыгып, кыял-максаттары талкаланды. Дарыгерлер аны сактап калууга бардык күчүн жумшады. Бирок, бейтаптын 2 көзү көрбөй калды. Саида сыноодон сынган жок. Алдына максат коюп, жаңы кыялдарга багыт алып, өнөр дүйнөсүнө талпынды. Кыйналган кездеринде музыкадан эргүү алып, ноталарды жүрөгү менен окуду. Музыка мектебине кирип, обон дүйнөсүнө канат какты. 13 жашында жеке концертин берди.

САИДА КАЛЫКОВА, ПИАНИСТ, КОМПОЗИТОР:

- Музыкант деген ал өмүрлүк кесип. Бул жолду тандаган адам өмүр бою машыгып, өзүнүн чеберчилигин жогорулатып, билим жөндөмдүүлүгүн өстүрүүсү керек. Дене мүчөлөрдү да ушуга көндүрүү абзел. Спортчу жарышка даярданган сыяктуу бизде да булчуң эттерибизди машыктырып, ар дайым даяр болушубуз керек. Анткени ар бир концерт сайын аткарып жүргөн чыгармалардын кайсынысы болбосун ар дайым жаңыдан ойнолуп жаткандай таасир берүүсү зарыл.

Саида Калыкованын кынтыксыз таланты менен таасирдүү чыгармачылыгына ата мекендик жана чет өлкөлүк сынчылар жогору баа беришет. Ушул кезге чейин 80ден ашуун жеке концертин берген. Негизинен  Казакстан, Орусия жана Италиянын мыкты сахналарында өнөрүн тартуулап жүрөт.

Казакстанда да пианино чеберлери бар экенин  бүткүл дүйнөгө далилдеп, өлкөнүн үмүтүн актаган жергиликтүү өнөрпоздун өнөрү жогору бааланып, көпчүлүктүн тандоосу менен Саида Калыкова “Казакстандын 100 жаңы ысымы” долбоорунун жеңүүчүсү аталды.

САИДА КАЛЫКОВА, ПИАНИСТ, КОМПОЗИТОР:

- Сынактын тандоо этабына катышып жатканым мен үчүн күтүүсүз жаңылык болду.  Күтпөгөн жерден телефон чалышып «Казакстандын 100 жаңы ысымы» долбоорунун тизмесине киргенимди айтышканда алгач ишене алган жокмун. Бул  өлкөнүн тандоосу дегенде өзүмдү коёрго жер таппай калдым. Бул мага көпчүлүктүн ишенип тапшырган үмүтү. Бул өтө чоң жоопкерчилик. Ишенимди актоо үчүн мындан да жигердүү болушум керек.

Алдыдагы жылы Саида Калыкованын чыгармачылык жолго түшкөнүнө 20 жыл толот. Мааракелик датага карата өнөр ээси бир нече жеке концерт берүүнү көздөп жатат.