Президенттин кайрылуусу: Бизнести колдоо

Казакстандык өндүрүштөрдү дүйнө рыногуна чыгаруу көлөмүн көбөйтүү. Бул ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн жаңы багыт. Бул тапшырманы аткаруу үчүн ишканаларга мамлекет колдоо көрсөтөт. Кийинки жылдан баштап экспортчулар жаңы жеңилдиктер ишке кирет. Казакстан Президенти кайрылуусунда белгилеп өткөндөй, аларды жеткирүү үчүн жумшалган унаа чыгашалары кайра кайтарылат. Ушул максатта 20 миллиард теңге багытталат. Ошондой эле, чет өлкөдөн казакстандык соода өкүлчүлүктөрүн ачууга 5 миллиард теңге бөлүү көздөлүүдө.

НУРАЛЫ БӨКЕЙХАНОВ, КАЗАКСТАНДЫН ТЫШКЫ СООДА ПАЛАТАСЫНЫН БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- 2019-жылы экспортчуларды сервистик колдоо 5 эсеге чейин көбөйтүлөт жана экспорттоочулардын өндүрүшүн сыртка чыгаруудагы унаа чыгашасын мамлекет тарабынан 50 пайызга чейин төлөө боюнча жаңы тартип киргизилүүдө.

Адистер ата мекендик товар экспортунун жыл сайын өсүп келе жатканын белгилешүүдө. Өсүш 5 пайызды түздү. Иштетүү секторунун экспорт өндүрүмдүүлүгү да ушул көлөм көрсөткүчүндө. Казакстанда чыгарылган курулуш материалдары коңшу өлкөлөрдө жогорку суроо-талапка ээ. Сейсмикалык туруктуу, бекем, жылуулукту сактоо жөндөмдүүлүгү жогору. Мындай газоблок кыштар астаналык заводдордун биринде 15 жылдан бери чыгарылып келет. Ишкана ушул убакыт аралыгында ишмердүүлүгүн кеңейтти. Мындай завод Атырау шаарында да ачылган. Компания жылына 400 миң кубометрге жакын сапаттуу курулуш материалын чыгарат.

КАНАТ ОСПАНОВ, КОМПАНИЯНЫН АЙМАКТЫК МЕНЕДЖЕРИ:

- Компания өз өндүрүштөрүн 7 жылдан бери Өзбекстанга, Орусияга, Кыргызстанга жеткирип келет. Биздин өндүрүшүбүздүн сапаты Казакстанда белгилүү, анын таанымалдуулугун дагы да жогорулатсак дейбиз. Алдыдагы убакытта ушул багытта иш-аракеттерди кылабыз. Ал үчүн биздин мүмкүнчүлүктөрүбүз да жеткиликтүү.

Казакстан чет өлкөгө курулуш материалдарын гана эмес, машина, аккумулятор, электр жабдыгын, химия өнөр жай буюмдарын, азык-түлүк өндүрүштөрүн да чыгарат. Казакстанда жалпы 1757 экспортко багытталган ишкана катталган.