Президент кайрылуусуна Нидерланд Парламентинин депутаты Тунахан Кузудын пикири

Казакстанда экономиканын мындан да өнүгүшүнө жана инвесторлордун иштөөсүнө жакшы шарттарды түзүүгө бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Бул тууралуу Мамлекет башчысынын Кайрылуусунда белгиленген. Өлкөнүн өнүгүшүн алдыга жетелей турган программалык документ менен таанышып чыккан Нидерланд Парламентинин депутаты Тунахан Кузу анын негизги багыттарын колдоорун билдирди. Анын айтымында, Кайрылууда ар бир казакстандыктын ал-акыбалын жакшыртууга тыкыр көңүл бурулганы маанилүү.

ТУНАХАН КУЗУ, НИДЕРЛАНДЫ ПАРЛАМЕНТИНИН ДЕПУТАТЫ:

- Президенттин Казакстан элине жасаган кайрылуусунда кызыктыра турган жагдайлар арбын. Алардын эң маанилүүлөрүнүн бири – айыл чарбасын өнүктүрүү маселеси. Силердин өлкөнүн ушул тармак көрсөткүчтөрүн эки жарым эсе жогорулатууга жакшы мүмкүнчүлүгү бар. Нидерланды бул багытта инновациялык технологияларга ээ. Ошондуктан тажрыйбабыз менен бөлүшүүгө даярбыз. Бул нидерланддык инвесторлорго жана казакстандык чарбачылыктарга да кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачып, эки өлкө үчүн эффективдүү болот.

Кайрылууда ата мекендик бизнести колдоо аракеттери тууралуу да айтылды. Мамлекет башчысы чакан жана орто ишканалык субъектилерди жарандарды жумуш менен камсыз кылуучу күчкө айланганын кошумчалады. Ошол себептүү бизнестин өнүгүшүнө ыңгайлуу жагдайларды түзүп, жеке инвестицияларды кызыктырууга, рынокто мыйзамдуу атаандаштыкты калыптандырууга терең маани берилет.

РАХМАН АЛШАНОВ, ЭКОНОМИКА ИЛИМДЕРИНИН ДОКТОРУ:

- Кытай жыл сайын 39 миллион тонна өсүмдүк майын импорттойт. Башкача айтканда, ал биздин жаныбыздагы ири рынок. Биз күн карама дандарынан өсүмдүк майын өндүрүп, Кытайга экспорттой алабыз. Президент жөнөкөй экономика тууралуу айтып жатат. Чынын айтсак, көп нерсеге татаал технологиялык чечимдердин кереги да жок. Колдоо бар. Бирок, киргизбей жатабыз. Ошондуктан бизнести иштетүү менен алектенүүгө кызыктыруу керек.