Казакстандын 100 жаңы ысымы: Айдие Айдарбеков

Айдие Айдарбеков айланасындагыларга үлгү болуп жүргөндөрдүн бири. Ал «Казакстандын 100 жаңы ысымы» сынагынын биринчи сезонунун мыктыларынын бири. Жаш адис Нью-Йорк Кино чеберчилик Академиясынын магистратурасын жогорку деңгээлде аяктап туулган жерине кайтып келип, азыр казакстандык сапаттуу кино өндүрүшүн чыгарып, дүйнөгө таанытуу тууралуу өз кыяларын ишке ашыруу үчүн эмгектенүүдө.

АЙДИЕ АЙДАРБЕКОВ, «100 ЖАҢЫ ЫСЫМ» ДОЛБООРУНУН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ:

- Бала чагымдан баштап кино тууралуу кыялданчумун. Ошондуктан «Болашак» прогаммасы менен Нью-Йорк академиясына өтүү мүмкүнчүлүгү пайда болгондо, мен дароо ойлонбостон документтеримди тапшырдым. Лос-Анджелеске келип конуп, Голливуд жазуусун, пальма бактарды карап, кыялым орундалганына көзүм жетти.

Таланттуу адам бардык тармакта чебер. Айдие өз мүмкүнчүлүктөрүн ар түрдүү чыгармачылык тармактарда байкап көрдү, ыр, аңгеме жазып, китеп чыгарды. Ал бир нече кыскаметраждуу тасмаларга продюсердик, режиссёрдук кылып, сериалдардын сценарийлерин жазды. Анын ичинде казакстан – британ биргелешкен «Берлиндеги желектер» кинолентасы да бар. 

АЙДИЕ АЙДАРБЕКОВ, «100 ЖАҢЫ ЫСЫМ» ДОЛБООРУНУН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ:

- Бул Ракымжан Кошкарбаевдин эрдиги тууралуу тарых. Бардык сценарий да ошол күн тууралуу. Жеңиш күнү жөнүндө.

Ал программист, музыкант жана спортчу. Айдие билгенин өзүнөн кийинки жаштарга үйрөтүүдө чарчабаган адам. Жакынкы күндөрү Астанада балдарга арналган англис тилин акысыз окута турган  курсу ачылганы белгилүү. Долбоордун ишке ашуусуна салым кошкондордун арасында Айдие де бар. 

ЛЮДМИЛА БУРЛАЧЕНКО, КООМДУК ФОНДДУН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Бүгүнкү күндө алдыңкы муундун жетишкендиктерин көрүп, аны үлгү кылып, улуу муун жетишкендиктерине умтулуп өсүүсү маанилүү деп ойлойм.

Белгилей кетсек, өлкөдө «100 жаңы ысым» долбоорунун экинчи сезону уланууда. Ар бир казакстандык өлкөнүн жүзү боло алат.