Айгерим Акимжанова

Айгерим Акимжанова

Айгерим «Kazakh TV» телеканалынын жаңылыктар бөлүмүндө иштейт. Аны менен катар ушул эле каналдын «Interview of the day» көрсөтүүсүндө алып баруучу. Бүгүнкү күндө  эки кызматты ийгиликтүү  алып келе жаткан кесипкөй.

2012-жылы  борбордогу престиждүү жогорку окуу жайдын журналистика жана политология факультетин аяктаган.  Өз эмгек жолун «24 KZ» телеканалында баштаган. «Персона.кз» жана «Елорда» деп аталган чыгармачылык долбоорлор  жаш адиске тележурналист катары баа жеткис тажрыйба болду. 

Эки жыл аралыгында 2015-жылдан тартып Айгерим республиканын батышындагы Мангистау облусунда маанилүү кабарларды чагылдырып иштейт. Мына ушул жерден чечкиндүү идеялар атайын репортаждар, тасмалар жана теманын майын чыгарган сюжеттер жаралат.

2017-жылдан баштап  жаңылыктар кызматында  «Хабар 24» телеканалында маалыматтарды жеринен түз эфирде жеткирип иштеп келген. Ушул жылдын аягы менен «Kazakh TV» телеканалынын кызматкери болот.

Айгерим бала кезинен поэзияга жакын жана көптөгөн музыкалык чыгармалардын автору. Ал эми  телевидениядагы кызмат анын өмүр бою кыялданган жумушу.