Арман Нурмуханбетов

Арман Нурмуханбетов

Арман Нурмуханбетов улуу талаа маданиятынын дасыккан пропагандистти. Койгон максатына ылайык 1999-жылдан баштап макала, сценарий,китеп, ырлар жана музыкаларды улуу тааладагы көчмөндөргө арнап чыгара баштаган. Дал ушул көчмөндөргө арналган роликтерди, кинолорду жада калса телепрограммаларды элге тартуулап келет. Андан тышкары ар кандай жоолугушууларды, акцияларды ошондой эле моделдерге арналган улуу талаа стилиндеги кийимдердин үстүнөн иштейт жана башка ушул сыяктуу иштер менен алектенет.

Арман Иссык көрүстөнүнөн табылган алтын адамдын музейдик изилдөөсүнүн катышуучусы болгон. «Даларух» тарыхий-маданий коомунун негиздөөчүлөрүнүн бири. Ошондой эле эл аралык жаңы көчмөндөр-номаддар кыймылынын негиздөөчүсү. Кадыр-барктуу казак түркологу Едыге Турсунов менен биргеликте жазган «Касиет. Күчүм, рухум улуу талаа» китебинин автору. Арман 2015-жылы өзүнө окшош энтузиастар менен биргеликте Казактын улуттук кийими күнүн уюштурган.

Андан тышкары көптөгөн телепрограммаларга серепчи катары чакырылат. Арман өз алдынча «Ширак тууралуу ыр» аттуу тарыхий музыкалуу киносун жараткан, ал ошол эле учурда режиссер, сценарийдин автору болгон жана төкмө акындын да ролун аткарган. Ошондой эле режиссер, автор катары улуттук спорттун түрлөрү боюнча жарнамалык роликтерге тартылган.Автордук 365-info.kz ARMAN порталы теле берүүсүнүн алып баруучусу болгон. «Сак урууларынын акылдуусу» документалдуу фильминин кеңешчиси катары иш алып барган.

Арман 2017-жылдан баштап «Kazakh TV» каналындагы «The Treasures of the Nation» берүүсүнүн алып баруучусу кызматын аркалап келет, ошондой эле улуттук телевизиондук «Тумар» сыйлыгында «мыкты таалим берген берүү» наминациясына ээ болгон.