Президенттин кайрылуусу: Агро өнөр жайы

Казакстан экономикасынын туруктуу өнүгүшүнүн башкы багыттарынын бири – агро тармакты өнүктүрүү. Казакстан элине Кайрылуусунда өлкө Президенти атаандаштыкка жөндөмдүү, сапаттуу жана экологиялык таза өндүрүштөрү менен ички рынокту эле эмес, чет өлкөлүк керектөөчүлөрдү да камсыз кыла турган кубаттуу комплекс куруу тууралуу тапшырма берген.

БОЛАТХАН МАХАТОВ, «УЛУТТУК АГРАРДЫК ИЛИМИЙ – БИЛИМ БЕРҮҮ БОРБОРУ» КЕАК БАШКАРУУЧУ МҮДҮРҮ:

- Инновация дегенибиз бар жаңылыктарды өндүрүшкө киргизүү дегенди билдирет. Жалпы Казакстанда бүгүнкү күндө инновацияларды киргизүүнүн өзү тармактарга бөлүнөт. Мисалы, эгин чарбачылыгы, мал чарбачылык тармактары бар, же болбосо ошол өндүрүштөрдү иштетүү тармагы бар. Ар бир тармактын инновациялык жаңылыктардын киргизилүүсү ар түрдүү.

Бүгүнкү күндө акылдуу технологиялар иш жүзүндө Казакстандын бардык аймагында колдонулууда. Айыл чарба тармагынын эффективдүүлүгүн көбөйтүүгө заманбап технологиялар, тамчылатып сугаруу жана так жер иштетүү мүмкүнчүлүгү берет. Так жер иштетүү долбоору дыйкандардын дрондун жардамы менен эгин талаасын бир чекиттен көзөмөлдөөсүнө, агрохимиялык изилдөө жүргүзүүсүнө шарт түзөт. Ошондой эле, так жер иштетүү технологиясы топурактын курамын талдап, ал жердеги азот, фосфордун көлөмүн, эгин талаасындагы зыянкечтерди аныктоого жөндөмдүү. Аны менен катар, казакстандык окумуштуулар жыйын-теримди санариптештирүү программасын даярдоону колго алышкан. Ушуга байланыштуу эми ар бир чарчы метрге себиле турган эгиндер талданып, изилденет.

Трансферттүү технологиялардын дагы бири – Казакстан үчүн экзотикалык өсүмдүк – ак жүгөрү өстүрүү. Быйылкы жылы ал 60 гектар жерде өстүрүлгөн. Ак жүгөрү Түштүк–Чыгыш Азия, Африка, Америка жана Австралия өлкөлөрүндө өсөт. Сабактарынын бийиктиги 6-7 метрге чейин жетет. Бул өсүмдүктүн башкы баалуулугу – анын курамында. 100 грамм өсүмдүккө 68 пайыз көмүр суутек тиешелүү. Калганы клетчатка, белок, протеин, витаминдер жана минералдык элементтер. Ошондой эле, ак жүгөрүдөн чөп жана силос алынат.

АШИРХАН ЗЕЙДЕНОВ, БАШКЫ АГРОНОМ:

- Бул ири кара малга тоюмдуу азык боло турган жемдердин бир түрү. Эгин талаасындагы тажрыйбадан бул өсүмдүк пайдалуу экенин билдик. Кийинки жылы аталган өсүмдүктү 200-300 гектарга себүүнү көздөп жатабыз.

Убакыт тармакка заманбап технологияларды киргизүүнү гана эмес, ошондой эле дасыккан адистерди тартуу аркылуу алдыңкы катардагы эл аралык тажрыйбаны колдонууну тездетүүнү талап кылат. Мындай ийгиликтүү тажрыйбаны ата мекендик фермерлердин бири колдонуп жүрөт.

ТЕМИРХАН ДОСМУХАМБЕТОВ, ФЕРМА ЧАРБАЧЫЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

- Бүгүнкү күндө биз генетика жана уруктар менен иштейбиз. Ушул максатта мен Американын генетика менен алектенген эң алдыңкы фермалары менен иштеше баштадым. Биз эң жогорку өндүрүштү уйлардын эмбриондорун өзүбүздүн ак баш тукумдуу уйларга, ангустарга аргындаштырдык. Ушул жылы биринчи жолу 72 музоо алдык. Биз суррогат энелерди өстүрөбүз.

Ал эми, 2022-жылы Казакстан эмгек өндүрүшүн жана иштетилген айыл чарба өндүрүштөрүн экспорттоону 2,5 эсеге көбөйтүүгө милдеттүү. Республика ушул максатка жетүүгө системалык план коюуда. Мисалы, инновацияларды киргизүү – агрардык чарбачылыктарга так дивиденддерди алып келет. Башкача айтканда, ресурстарды эффективдүү пайдаланууга, ошондой эле, дан көлөмүн жана атаандаштыктын артыкчылыктарын божомолдоого мүмкүнчүлүк берет.