КР Президентинин кайрылуусу: Пикирлер

Казакстан Президентинин элге жасаган кайрылуусу коомдун ал – акыбалын жакшыртууга багытталган. Парламент Мажилисинин депутаты Азат Перуашовдун пикиринде, Өлкө башчысы белгилеп өткөн милдеттер адаттагыдай казакстандыктардын өмүр сүрүү деңгээлин көтөрүүнү көздөйт. Дүйнөдөгү туруксуздук доорунда өлкө жашоочуларынын жашоо шартын жакшыртууга болушунча мүмкүнчүлүктөр караштырылган, дейт депутат. Нурсултан Назарбаев кезектеги кайрылуусунда билим берүү менен саламаттыкты сактоо тармагындагы жеткиликтүүлүктү, турак-жай менен камсыз кылуу сыяктуу  маселелерди чечүүгө басым берилип, сөздөн чыныгы ишке өтүүнү тапшырды.

АЗАТ ПЕРУАШЕВ, КР ПАРЛАМЕНТ МАЖИЛИСИНИН ДЕПУТАТЫ:

- Президент берген тапшырмалар алыскы келечекти жакшыртууга эмес, дал азыркы убактагы адамдардын өмүр сүрүү сапатын жакшыртууга багытталган. Бул кезектеги кайрылууда аныкталган милдеттердин бири. Коомдун жашоо-шартын көтөрүүнү көздөгөн максаттарды аткаруу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Ага керектүү каржы караштырылган. Ошондуктан  милдеттүү түрдө ишке ашаарына ишенем.

ВЛАДИСЛАВ КОСАРЕВ, КР ПАРЛАМЕНТ МАЖИЛИСИНИН ДЕПУТАТЫ:

- Өлкө башчысынын ушул кайрылуусундагы басым берилгендери өтө орундуу деп эсептейм. Мамлекеттик органдар адамдардын өмүр сүрүү деңгээлинин жакшыруусуна, коомдук маданияттын калыптануусуна, жарандардын мамлекеттин өнүгүшүнө кошо турган салымдарына чейин жооптуу болушу керек.