Алматыда автоунаа заводунун курулушу башталды

Алматыда автоунаа заводунун курулушу башталды

Алматынын Индустриалык аймагында Казакстан-Корея биргелешкен автоунаа куруу заводу ишке кирет. Баштапкы кезинде 30 000 даана унаа кураштырылат. Келечекте өндүрүш кубатын 45000 автоунаага чейин кеңейтүү мерчемделүүдө. Бул жерде кореялык бренддин 8 моделинин керектүү бөлүктөрү чогултулуп, даярдалат. 

СОН ЮН МО, КОРЕЯНЫН СООДА, ӨНДҮРҮШ ЖАНА ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРИ: 

- Компания 50 жылдан ашуун убакыт бою жыйнаган бардык технологиялары менен ноу-хоуларын Казакстан менен бөлүшөт.  Бул эки өлкө ортосундагы индустрия жаатында тыгыз карым-катыш орнотууга мүмкүнчүлүк берет.

Жаңы автоунаалардын алгачкы партиясы 2020-жылы конвейерден чыга баштайт деп күтүлүүдө.  Долбоордун баасы – жыйырма үч миллиард теңгеге чамалайт. Түштүк Корея Казакстан менен автоунаа өндүрүүдөгү экономикалык кызматташтык орнотуу абдан эффективдүү деп эсептейт. Казакстан Борбор Азиянын сырткы рынокторуна жана 170 миллиондон ашуун калкы бар ЕАЭБ базарларына жол ачууда.   

 РОМАН СКЛЯР, РК ИНДУСТРИЯ ЖАНА ИННОВАЦИЯЛЫК ӨНҮГҮҮ МИНИСТРИ:

- Өндүрүлгөн унаалар Борбор Азия өлкөлөрүнө жана дагы башка мамлекеттерге экспорттолот. Башкача айтканда, экспорттук мүмкүнчүлүктөрү бар өлкөлөргө жеткирилет. Өндүрүш орундарын арттыруу үчүн биздин кызматкерлерге чоң мүмкүнчүлүк бар.  Мындан күмөнүбүз жок. 

Серепчилердин пикиринде, Казакстан-Корея заводунун курулушу өлкөнүн машина куруу индустриясын өнүктүрүүдө негизги кадам катары саналат.  Жаңы өндүрүштүн ишке кирүүсү менен өлкөнүн экспорттук көрсөткүчү өсөт.