Нур-Султан аэропортунда жаңы смарт-шлем сыноодон өтүүдө

Ак халат, смарт-шлем жана камера. Борбор калаанын аэропортунда өзгөчө  медицина кызматкери пайда болду. Кара баш кийим кийген эркек адам жүргүнчүлөрдүн көңүлүн өзүнө  бурат. Жок, бул келечектен келген атайын конок эмес, чет элдик ойлоп табуучулардын жаңы технологиялык ачылышы, бейтаптарды дароо аныктай турган смарт-шлем.

ЗАУРЕ ИЛЬЯСОВА, «НУРСУЛТАН НАЗАРБАЕВ ЭЛ АРАЛЫК АЭРОПОРТУ» АК САЛАМАТТЫК САКТОО ПУНКТУ ЖЕТЕКЧИЛИК КЫЗМАТЫНЫН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУ:

- Аппарат камера жана тепловизордон турат. Ал ар бир адамдын, аэропорт аймагындагы бардык келип-кетүүчүлөрдүн дене табын өлчөйт. Дарыгер камераны пайдалануу аркылуу адамдын сүрөтүн көрөт, ал эми негизги дене табын тепловизор аркылуу өлчөйт.

«Робокоп» каймана аты бар медициналык кызматкер аэропорттогуларды сыртынан гана көзөмөлдөйт, ал эми калган ишти  аппарат жасайт. Ал бир эле учурда 40 адамдын дене табын бир нече мүнөттүн ичинде өлчөйт. Бул үчүн шайманга жакындоонун кажети жок, шлем 10-20 метр аралыктан дене табын өлчөй алат.  Учурда борбордук аэропортто аталган аппараттан бирөө гана бар, ал дагы сыноодон өткөрүлүүдө.

ЗАУРЕ ИЛЬЯСОВА, «НУРСУЛТАН НАЗАРБАЕВ ЭЛ АРАЛЫК АЭРОПОРТУ» АК САЛАМАТТЫК САКТОО ПУНКТУ ЖЕТЕКЧИЛИК КЫЗМАТЫНЫН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУ:

- Бул смарт-шлем учурда сыноодон өткөрүлүүдө. Бүгүнкү күндө  сынактын үчүнчү жумасы өтүп жатат. Биз аны VIP-залдарда гана колдонуп жатабыз. Азырынча жалпы залда колдонула элек.

Белгилей кетүүчү нерсе, кээ бир өлкөлөр аталган  ноу-хау жөнүндө угуп эле тим болбостон, аны кеңири колдонушат. Мисалы, кара баш кийимчен адистерди Катар, Дубай жана Кытай Эл Республикасынын  аэропортторунан көрүүгө болот. Кытайда полиция кызматкерлери бул шайманды көп колдонушат. Белгилүү болгондой, дене табын өлчөө смарт-шлемдин бирден-бир функциясы эмес, анын жардамы менен жарандардын кызматтык күбөлүктөрүн жана алардын автоунааларын да таанууга болот. Ошондуктан, аппараттын баасы болжол менен 10 миң долларды түзөт.

 

Фото: inastana.kz


×