Казакстандык стартаптарды тышкы рынокко чыгаруу

Өлкөнүн жаштарын заманбап кесиптерге, IT-индустрияга жана инновациялык экономика тармактарына даярдоо. Astana Hub үстүбүздөгү айдын аягына чейин аталган багытта казакстандык студенттерге арналган Startup Explore долбоорун баштайт. Бул багытта программалары дүйнөнүн 20 ашуун өлкөсүндө жайылтылган эл аралык изилдөө жана консалтинг уюм менен меморандумга кол коюлду. Кызматташтыктын алкагында акысыз окууга мүмкүндүк берген 10 миң гранттык орун сунушталат. 24 апталык онлайн-тренингде жасалма интеллект, киберкоопсуздук, электрондук соода жана финтех тармактарынынын адистери менен теориялык жана тажрыйбалык  сабактар болот.

КУАНЫШ БАЙКУВАНОВ, ASTANA HUB ПРОГРАММАЛАР БӨЛҮМҮНҮН МЕНЕДЖЕРИ:

- Бул толугу менен англис тилинде өтө турган программа болот. Анын алкагында студенттер дараметтүү багыттарда иштөө үчүн зарыл болгон көндүмдөрдү өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Онлайн окуу ушул жылдын жетинин айынын 30 башталат. Программага катышуу үчүн арыздар жетинин айынын 25 чейин кабыл алынат. Арыздарды Astana Hub сайтына жиберүүгө болот. Программанын жыйынтыгы боюнча  бардык катышуучуларга Startup Explore курсун аяктагандыгы жөнүндө сертификат берилет.

Ошондой эле жыл аягына чейин Astana Hub акселераторунун тогузунчу линиясы ишке кошулат. Мурунку иш-чаралардагыдай эле 30 жакын мыкты стартап тандалып алынып, алардын жарымы түп нуска долбоорлорун ата мекендик жана чет элдик инвесторлорго сунуштоого мүмкүнчүлүк алышат. Мисалы, сегизинчи акселератордун катышуучулары үч айда сатууну 73 миллион теңгеге көбөйтүп, 139 жаңы жумушчу орунун түзүүгө жетишкен.

ДАУЛЕТ БЕЙМУРЗИНОВ, ASTANA HUB ПРОГРАММАЛАР БӨЛҮМҮНҮН МЕНЕЖЕРИ:

- Бүгүнкү күндө дымактуу ири стартаптар абдан  көп. Учурда айрыкча  editex стартаптары жакшы өнүгүп келет. Ошондой эле акыркы учурларда Game def стартаптарынын өскөнүн байкоого болот. Биз азыр өзүбүз түрдүү тиркемелерди жасай ала турган мезгилге жеттик. Аларды биз атаандаш рынокко сунуштай алабыз.

Бүгүнкү күндө Казакстандык стартаптар негизинен Борбордук Азия жана КМШ өлкөлөрүнүн базарларында чоң суроо-талапка ээ болуп, ийгиликтүү ишке ашырылып жатат. Мындан тышкары, чет мамлекеттердин долбоорлору Astana Hub программаларына үзгүлтүксүз катышып турат.

 

Фото: kapital.kz


×