Казакстан «жашыл» экономиканы өнүктүрүүгө басым жасоодо

Казакстан «жашыл» экономиканы өнүктүрүүгө басым жасоодо

«Жашыл» экономикага өтүү - бул дүйнөлүк тенденция. Ошондой эле Казакстан кайра жанма энергия булактарын өнүктүрүүгө артыкчылык берүүдө. Бүгүнкү күндө өлкөдө альтернативдик энергия жаатындагы долбоорлордун саны көбөйдү. Учурда Алматы жана Акмола облустарында шамал станциялары курулуп жатат. Алардын бири Енбекшиказак районунда. Станциянын жалпы кубаттуулугу 60 МВт болуп, ал 24 шамал электр станциясынан, подстанция жана электр чубалгыларынан турат. Бүгүнкү күндө объекттин өндүрүштүк аймагында курулуш-монтаждоо иштери башталды. Шамал станциясы жылына 225,750 миң кВт саат электр энергиясын өндүрөт деп күтүлүүдө.

Акмола облусундагы шамал электростанциясы Ерейментау аймагында жайгашкан. Аймакка 11 шамал турбинасын орнотуу пландалууда. Жалпы кубаттуулугу 50 МВт болот.

Мындан тышкары, Акмола облусунун Аршалы районундагы Костомар айылында «Астана EXPO-2017» шамал станциясынын 2-комплексинин курулушу аяктоо алдында турат. Аны пайдаланууга берүү жана 100 МВт толук долбоордук кубаттуулукта ишке киргизүү ушул жылдын IV кварталына мерчемделген. Ошентип ЖЭБ жыл сайын 10 миңден ашуун үй-бүлөнүн энергия керектөөсүн камсыз кылууга күнөсканадан чыккан буу газдын көлөмүн 230 миң тоннага азайтууга жана жылына 79 миң тоннадан ашык отунду үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.

Белгилей кетсек, учурда өлкөдө 108 жакын жанма энергия объекттери иштейт. Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча энергиянын кайра жанма булактары тарабынан өндүрүлгөн электр энергиясы 1,4 миллиард кВт/с түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 55,3% көп.

Белгилей кетсек, Европа Кайра куруу жана Өнүктүрүү Банкы Казакстандагы жашыл экономиканы каржылоо программасына 30 миллион доллар бөлөт. Каржы институтунун колдоосу 2020-2023-жылдарга мерчемделген. Каражат үй чарбалары жана чакан ишканалар үчүн жашыл чечимдерди инвестициялоого жумшалат. ЕБРРдин Казакстандагы мүдүрү Агрис Прейманис жашыл экономиканы каржылоонун жаңы программасы каржы мекемесинин ири масштабдуу жашыл долбоорунун бир бөлүгү экендигин билдирди. Ага 27 мамлекеттен, бул өлкөлөрдөгү 145 ашуун каржы институттарынан 4,6 миллиард евро инвестиция тартылган. Дүйнөдө GEFF долбоорлорунун алкагында CO2 азайтуу көлөмү жыл сайын 8,6 миллион тоннадан ашты.

 

Фото: kapital.kz