Нур-Султанда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жаш ойлоп табуучуларын колдоо программасы иштеп баштады

Нур-Султанда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жаш ойлоп табуучуларын колдоо программасы иштеп баштады

Борбор калаада биринчи жолу Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жаш ойлоп табуучуларын колдоо программасы башталды. Аймакта техникалык бизнести өнүктүрүүгө багытталган уникалдуу долбоордун уюштуруучулары Назарбаев Университетинин NURIS инновациялык кластери менен биргеликте Кремний өрөөнүнүн эң ири акселератору Founder Institute болуп саналат.

«Эгерде сиз идея этабында болсоңуз жана эмнеден баштаарыңызды билбей жатсаңыз, анда Нур-Султан Virtual 2020 Founder Institute онлайн программасы сизге 3,5 айдын ичинде эл аралык рынокто иштөөгө даярданууга жардам берет. Аны менен катар, сиз жеке өнүгүү үчүн чоң тажрыйба ала аласыз. Бул программа технологиялык бизнес курууну каалаган дымактуу жаңы баштоочу ишкерлер үчүн абдан ыңгайлуу, анын ичинде туруктуу жумуш орду бар адамдарга да арналган», - дейт Founder Institute акселератору өкүлдөрүнүн бири, NURIS бизнес-инкубаторунун башчысы Анарбек Өтегулов.

Уюштуруучулардын айтымында, онлайн программа аркылуу катышуучулар өнүмдөрдү жасоого жана өнүктүрүүгө инвестиция тарта алышат. Ошондой эле, бул структуралаштырылган жараян аркылуу бизнесте тез прогресске жетишүүгө жардам берет. Белгилей кетсек, мындай программалардын бүтүрүүчүлөрү 950 миллион доллардан ашуун инвестицияларды тарта алышат. Мындан сырткары, пограмманын катышуучулары  Казакстан, Борбордук Азия жана Түштүк-Чыгыш Азиядагы 40 ашуун технологиялык ишкерлердин насаатчылык колдоосун жана кайтарым байланыштарын, ошондой эле, бизнес ишкерлер менен венчурдук фонддорунун инвестицияларын алуу үчүн пост-программалар топтомун акысыз колдоно алышат.

«Программа аяктагандан кийин биздин бүтүрүүчүлөр Founder Institute Башкы кеңсесинен акысыз талдоочулук колдоо алып, Founder Institute Глобалдык тармагындагы стартаптардын уюштуруучулары, жетекчилери жана инвесторлору арасында өз тармагын кеңейте алышат. Тармакка дүйнөнүн 200 ашуун шаарларынан 4300 ашуун бүтүрүүчү жана 14000+ насаатчы кирет», - деп кошумчалады Анарбек Өтегулов.

Белгилей кетсек, программанын алкагында бизнеске умтулган ишкерлер үчүн бир катар акысыз онлайн иш-чара уюштурулат, бул инвестордун көз карашынан алганда долбоордун алсыз жактарын аныктоого, инвестиция салуу үчүн арыз берүүгө даярданууга мүмкүнчүлүк берет.

 

Фото: inbusiness.kz


×