Жыл соңуна чейин казакстандыктардын 99% кең тилкелүү интернет менен камсыз болот

Жыл соңуна чейин казакстандыктардын 99% кең тилкелүү интернет менен камсыз болот

Жакынкы бир нече айда өлкө калкынын 99% кең тилкелүү интернет менен камсыз болот. Бул өзгөчө 250 же андан ашык адам жашаган бардык калктуу конуштарга тиешелүү. Бул тууралуу Санариптик өнүгүү, инновация жана аэрокосмос министрлигинин комитетинин төрагасы Виталий Ярошенко билдирди. Анын айтымында, калк аз жашаган аймактарды интернет менен камсыз кылуу маселеси 3 жылдын ичинде чечилет. Эске салсак, бүгүнкү күндө 855 айыл интернет менен камсыздалган эмес.

«Учурда 6459 калктуу конуштун 4646сында кең тилкелүү интернет желелери тартылган. Башкача айтканда, өлкөнүн айылдарынын үчтөн биринен көбү кең тилкелүү интернетке туташкан. Бул калктуу-конуштарда 18,2 миллион адам жашайт, бул калктын 97,3% түзөт», - деп түшүндүрдү Санариптик өнүгүү, инновация жана аэрокосмос министрлигинин комитетинин төрагасы Виталий Ярошенко.

Комитет төрагасынын айтымында, учурда адистер интернетке кошулууга боло турган  айылдардын тизмесин даярдап жатышат. Бирок мындай эл аз жашаган жерлерде окуучулар мектеп парталарында, тактап айтканда, оффлайн режиминде билим алууну улантышат.

«Казакстан Республикасы чоңдугу боюнча дүйнөдө тогузунчу, калкынын саны боюнча 65-орунда турат. Бизде бир чарчы километрге 6 адамдан туура келет. Бул айылдарда калктын 1% азы жашайт. Айылдарда калыбына келтирүү жана курулуш иштеринин наркы кадимки шаардык жана ири калктуу конуштардын баасына барабар. Ошондуктан биз биринчи кезекте «250+» долбоорунун үстүндө иштеп жатабыз. «250-» кийинчерээк болот. Дистанттык билим берүү маселесине келсек, ал Билим берүү министрлиги тарабынан бышыкталууда. Ал тургай жеткиликтүү интернетке мүмкүнчүлүгү бар айылдарда деле балдар мектепке барышат жана аралыктан окушпайт», - деди Виталий Ярошенко.

 

Фото: holidayhomesclub.ru